“Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК менен “Айыл Банк” ААК биргелешип Кыргызстандын региондорун банк жабдуулары менен камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыра башташты

13.11.2018

“Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК “Айыл Банк” ААКка 150 POS- терминалды акысыз пайдаланууга өткөрүп берди. POS- терминалдарды өткөрүүнүн расмий аземине “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын Орун басары Гульчехра Камчибекова жана “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАКтын Башкармалыгынын Төрагасынын Орун басары Талант Омуралиев катышты.

“Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, “Айыл Банк” ААК Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын райондорунда POS- терминалды орнотууну пландаштырып жатат. Биргелешип биз өлкөбүздүн бардык алыскы райондорун банктык жабдуулары менен камсыздоону пландаштырып жатабыз, ошону менен накталай эмес төлөмдөрдүн санын көбөйтүп, калкты Элкарт төлөм карталары менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк беребиз. Банктар аралык Процессинг Борбору менен кызматташуубуз узак мөөнөттүү жана үзүрлүү болоруна ишенебиз, - деп, Гульчехра Камчибекова өзүнүн сөзүндө белгилеп кетти.

Маалымкат: POS-терминал – соода жана сервис ишканаларында товарлар/ кызматтар үчүн карта менен төлөмдү жүргүзүү үчүн жабдык.

← Тизме боюнча артка