Бишкек шаарында «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү ачылды

15.11.2018

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Айыл Банк” ААК тарабынан биргелешип уюштурулду.

“Бүгүнкү күнгө айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча Айыл Банкка 800 млн сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле 20 млн доллар өлчөмүндө Евразиялык өнүктүрүү банкынын инвестициялары тартылды, азыркы учурга ошол акчанын 14,6 млн доллары өздөштүрүлдү. Ошону менен бирге, кымбат баалуу техника менен тракторлорду өлкөбүздүн фермерлерине лизингге берүү үчүн жылдын башынан тартып 102,5 млн сом бөлүнүп берилди”, - деп, биринчи вице-премьер-министр К.Боронов белгилеп кетти.

2020-жылга чейин өлкөбүздүн бардык аймактарында машина-трактордук станциялардын ачылышы боюнча план иштелип чыккандыгы жөнүндө кошумчалап кетти. Бүгүнкү күнгө республика боюнча 71 МТС иштеп жатат, алардын ичинен он беши 2018-жылы ачылды.

Көргөзмөнүн алкагында “Айыл Банк” ААК «LEVDEO» маркадагы жаңы муундун эки электромобилинин презентациясын өткөрдү. Келген коноктор унаанын ушул түрүнө абдан кызыгып, жана каалоочулардын баары ушул электромобильди тестирлөөгө мүмкүнчүлүк алышты, ал эми Банктын өкүлдөрү лизингге сатып алуунун шарттары жөнүндө айтып беришти.

«АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Айыл Банк” ААК тарабынан биргелешип лизинг продуктылары менен кызматтары боюнча презентация өткөрүлдү, ага жеке ишкерлер, фермерлер жана Банктын өнөктөштөрү катышты.  

Презентациянын жүрүшүндө “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов, өлкөнүн агрардык тармагынын өнүктүрүүсүндө көп жылдык кызматташуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.         

         

                    

“Айыл Банктын иши элге абдан керектүү, себеби ал, заманбап технологияларында негизделген, сапаттуу банк кызматтарын көрсөтүү жолу менен агрардык сектордун өнүктүрүүсүнө жана калктын жашоо сапатын жогорулатуусуна көмөк көрсөтөт. Башкача айтканда, Айыл Банк – бул, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын толугу менен колдогон, региондордо ийгиликтүү иштеп жаткан банк”, - деп, Мурат Акимов белгилеп кетти.

Ошондой эле лизинг долбоорлоруна катышкан Банктын өнөктөштөрүнө үзүрлүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, “Айыл Банк” ААК 2018-жылы лизинг боюнча 600 миллион сом өлчөмүндө рекорддук сумманы берерин белгилеп кетти. “Айыл Банк” ААК мамлекеттик органдар менен фермерлердин ортосунда мамилелерди түзүүгө ыңгайлуу платформаны түзүп, лизинг кызматтарына өзгөчө көңүл бурат жана Банктын кызматтары менен продуктылары боюнча маалыматтык иш чараларды жана акцияларды дайыма өткөрүп турат.

 

← Тизме боюнча артка