“Айыл Банк” ААКтын бардык банкоматтарында жаңы функция – “ПИН-кодду алмаштыруу”

15.11.2018

Урматтуу “Айыл Банк” ААКтын кардарлары,

“Айыл Банк” ААКтын бардык банкоматтарында “ПИН-кодду алмаштыруу” жаңы функциясы ишке ашырылганы жөнүндө кубануу менен билдиребиз. Эми Сиздин ПИН-конвертте берилген учурдагы ПИН-кодуңузду жаңы ПИН-кодго акысыз алмаштырууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

ПИН-кодду кантип алмаштырса болот:

Картаны банкоматка салыңыз

Учурдагы ПИН-кодуңузду териңиз

Экрандын оң жагында “ПИН-кодду алмаштыруу” функциясын тандаңыз

Жаңы ПИН-кодду териңиз

Тастыктоо үчүн жаңы ПИН-кодду кайрадан териңиз

Керек болсо чекти басып чыгарыңыз

ПИН-кодду алмаштыруу боюнча операция ушуну менен аяктайт

Суроолор пайда болсо “Айыл Банк” ААКтын адистерине кайрылып, консультация алсаңыз болот.

Байланыш маалыматтары: (0312) 66 53 58 же (0312) 88 14 98.

← Тизме боюнча артка