“Айыл Банк” ААК Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлерин майрам менен куттуктайт

15.11.2018

“Айыл Банк” ААК Сиздерди Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайт! Бүгүн ата мекендик айыл чарба ишканалары өндүрүштүн жаңы технологияларын активдүү өздөштүрүп, продукциясынын сапатын жана атаандаша алгыдай болуусун жогорулатып, жумушчу орундарды түзүү менен бирге айыл аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүп жатышат. Агро ишканалардын, фермердик чарбалардын кызматкерлеринин, агрардык илимдин өкүлдөрүнүн аркасы менен биздин региондор күндөн күнгө жашоо жана иштөө үчүн ыңгайлуу болуп, азыркы мезгилдин талабына жооп берет.

 “Айыл Банк” ААК өз кезеги менен айыл чарбаны жана айыл аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоого дайыма даяр. Кесипкөйлүк, өз жериңизге жасаган мамилеңиз жана иштеген ишиңиз үчүн Сиздерге  ыраазычылык билдиребиз.                                                                                                                                

Сиздерге жана жакындарыңызга чың ден соолук, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Өлкөбүз өркүндөп-өсө берсин!

Майрамыңыздар менен!

← Тизме боюнча артка