Нарын облусунун алыскы райондорунда банкоматтар орнотулат

19.11.2018

Берилген банкоматтар Нарын облусунун алыскы райондорунда орнотулат.

Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, “Айыл Банк” ААК менен “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК биргелешип өлкөбүздүн бардык алыскы райондорун банктык жабдуулары менен камсыздоону пландаштырып жатышат.

Бул иш чаралар төлөм карталарды пайдалануу менен операциялардын санын көбөйтүүгө, ошондой эле калкты электрондук банк кызматтары менен пайдаланууга багытталган.

← Тизме боюнча артка