“Айыл Банк” ААК менен “Элкарт” ТС жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин ачуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштайт

23.11.2018

Баалуу металлдарды сатып алуу инвестиция жасоонун жана акча каражаттарды көбөйтүүнүн ыкмаларынын бири болуп саналат. “Айыл Банк” ААКтын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине байланыштырылган Элкарт төлөм картасы – бул, алтын менен, жана келечекте күмүш жана платина менен, накталай эмес операцияларды жүргүзүү үчүн дайындалган карта, анда металлдын жеке белгилери көрсөтүлбөй, грамм менен эсепке алынат (куймалардын саны, аталышы, пробасы, өндүрүүчү, сериялык номери ж.б.).

“Айыл Банк” ААК кардарга «Элкарт Алтын» картасын ачып бере алат жана Банк белгилеген сатуу курсуна ылайык, сатып алынган баалуу металлды кардардын эсебине чегере алат.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдардын сатып алуу-сатуу котировкалары, ички рыноктогу жагдайды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген колдонуудагы эсеп бааларын эске алып, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы тенденцияларын эске алып, Банк тарабынан бекитилет.

“Айыл Банк” ААКтын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги «Элкарт Алтын» төлөм картасынын артыкчылыктары:

-Бул карта алтындын наркы өсүп жаткандын эсебинен акча каражаттарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет;

-Алтын куймаларды сатып алууга караганда, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде «Элкарт Алтын» картасын ачканда, куймаларды сактоо үчүн сейфти ижарага алуу зарылчылыгы жок;

-Акча каражаттарды жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине салуу валюталык рыноктогу ыңгайсыз өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдикти төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет;

-Соода түйүндөрүндө сатып алууларды жүргүзүп, ошондой эле банкоматтан акчаны алып, Элкарт Алтын» төлөм картасынын жардамы менен эсеп боюнча калдыктарды башкарса болот.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде «Элкарт Алтын» төлөм картасын ачуу үчүн “Айыл Банк” ААКтын каалаган филиалына келип, картаны ачуу үчүн талап кылынган документтерди берүү зарыл:

-“Айыл Банк” ААК менен келишим түзүү;

-Акча каражаттарды эсепке салуу;

-Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлды сатып алуу бүтүмүн тариздөө.

Мындан кийин баалуу металлдар кардардын «Элкарт Алтын» картасына чегерилет.

«Элкарт Алтын» картасы аркылуу Сиз төмөнкү операцияларды жүргүзө аласыз:

-Сатып алууларды жүргүзүүгө жана Элкарт төлөм системасынын терминалдык тармагында кызматтар үчүн төлөөгө;

-Картаны чектөөсүз толуктоого.

Бул карта, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлды алтынга, келечекте болсо күмүшкө же платинага конвертациялоо жолу менен, кардарларга улуттук валютасында акчаны накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

“Айыл Банк” ААК жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде Элкарт төлөм картасын чыгарган Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчи болгонун белгилеп кетүү зарыл.

“Айыл Банк” ААК жеке белгилери көрсөтүлбөгөн аффинаждалган стандарттуу чен куймалары түрүндө баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын лицензиясын 2017-жылы алган.

← Тизме боюнча артка