“Айыл Банк” ААК менен “ХамкорБанк” АКБ (Өзбекстан) “Береке” акча которуулар системасы боюнча макулдашууга кол коюшту

27.11.2018

Өзбек тарабынан “ХамкорБанк” АКБнын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Махмудов Акмалжон Комилович кол коюу аземине катышты. Ал эми “Айыл Банк” ААКтын атынан Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Ногаев Уланбек Мелисович Макулдашууга кол койду.

“Береке” акча которуулар системасы - Кыргызстан боюнча акча которууларды тез жөнөтүү системасы.

“Береке” системасы боюнча кыска мөөнөттүн ичинде, банктык эсепти ачпай акча которсо болот.

“Айыл Банк” ААКтын достук тармагына төмөнкү 13 коммерциялык банк кирет: «Айыл Банк» ААК, «Кыргыз-инвестициялык коммерциялык банкы» ЖАК, «Капитал Банк» ААК, «Евразиялык Сактык Банк» ААК, «Дос - Кредобанк» ААК, «Кыргыз-Швецариялык Банк» ЖАК, «Кыргызкоммерцбанк» ААК, «Чанг Ан» Инвестициялык Банк ААК, «Инком» МФК, «Халык Банк» ААК, «Аманбанк» РК ААК, «ФинансКредитБанк» ААК, “Азия Банкы” ЖАК.

Ошону менен бирге “Айыл Банк” ААК ордунда турбай, ХамкорБанк” АКБ (Өзбекстан Республикасы) менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп жатканы жөнүндө билдирүүгө шашылып жатабыз.

“ХамкорБанк” АКБ менен кызматташуу көрсөтүлгөн кызматтардын түрлөрүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет жана эл аралык акча которуулар чөйрөсүндө ишин кеңейтет” – деп, “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Ногаев Уланбек Мелисович белгилеп кетти.

“Бул окуя биз үчүн абдан маанилүү, биз Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу макулдашууга кол коюп жатабыз. Бүгүнкү күнү Айыл Банк” ААКтын “Береке” акча которуулардын ички системасы эл аралык болуп калды, жана бул Кыргызстандын банк чөйрөсү үчүн чоң ийгилик деп ойлойм” – деп, кошумчалап кетти.

Өз кезеги менен ХамкорБанк” АКБнын Төрагасынын орун басары Акмалжон Махмудов “Биздин элдерибиз дайыма жакын болчу. - деп, баса белгилеп кетти, - Жана бүгүн биз өзүбүздүн финансылык кызматташуубузду бекемдетип жатабыз жана бул Макулдашуу бир тууган элдерибиздин ортосунда түз акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет, бул эки республиканын ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдетери жөнүндө өзгөчө белгилегим келет”.

Макулдашууга кол коюу процессинде “Береке” акча которуулар кызматын “ХамкорБанк” АКБде өндүрүү жөнүндө макулдашылды, эми бул кызмат Өзбекстандын 200дөн ашык филиалдарында жана бөлүмдөрүндө сунушталат,

Ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында жашаган жарандары дагы ушул кызматты колдонсо болот, бул кызмат рыноктук мамилелерди тартипке салуу боюнча натыйжалуу финансы куралдардын бири болуп саналат.

“ХамкорБанк” АКБ өз ишин Өзбекстандын банк кызматтарынын рыногунда 1991-жылы баштаган. Ушул мезгилдин ичинде банк филиалдардын кеңири тармагын Өзбекстандын бардык 14 административдик региондоруна жайган. Азыркы мезгилде “ХамкорБанк” АКБнын 200 тейлөө түйүнү, анын ичинен 42 филиалы, 155 минибанкы, 18 төлөмдөрдү кабыл алуу пункту бар.

← Тизме боюнча артка