“Айыл Банк” ААК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында өткөрүлгөн шахмат боюнча КРдин Чемпионатын колдоду.

29.11.2018

“Айыл Банк” ААК, Эл аралык майыптардын күнүнө карата, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында өткөрүлгөн шахмат боюнча Кыргызстандын Чемпионатын уюштурууга финансылык жактан жардам берип, Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясына колдоо көрсөттү.

“Айыл Банк” ААК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын көйгөйлөрүнө чоң маани берет жана аларга тиешелүү болгон бардык социалдык иш чараларга активдүү катышат.

Иш чарага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашык спортсмен катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында шахмат боюнча чемпионаты Бишкек шаарынын «Jannat Regency» мейманканасында 26-ноябрда башталып 29-ноябрда аяктады.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө медалдар менен баалуу байгелер тапшырылды.

“Айыл Банк” ААК жеңүүчүлөрдүн баарын куттуктайт, мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайт!

← Тизме боюнча артка