“Айыл Банк” ААК үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кредиттик ченемин көбөйтүү жөнүндө.

03.12.2018

Чакан жана орто бизнести колдоо Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чакан жана орто бизнести колдоо Программасын РКФРдин 13 шериктеш-банкы жана 2 МФО ишке ашырууда. Баштоочу болуп “Айыл Банк” ААК саналат.

Фонд менен кызматташып баштаган мезгилден тартып “Айыл Банк” ААК 35 млн. доллардан ашык суммага агро өнөр жай комплексинин, тигүү, текстиль жана кайра иштетүү өнөр жай тармагынын 390 долбоорун каржылады.

Банк 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 25 млн. доллар өлчөмүндө алгачкы лимитти ийгиликтүү өздөштүрүп, алгачкы долбоорлорду тандоо жана ишке ашыруу боюнча натыйжалуу ишти өткөрдү.

Бүгүнкү күнгө Айыл Банкта ушул багыт боюнча кредиттерди алууга билдирмелер көп болгондугуна байланыштуу, Банк кредиттик ченемди көбөйтүү жөнүндөгү өтүнмө менен РКФРге кайрылды.

Мурунку жумада РКФР тарабынан банктын кредиттик ченемин 5 млн. АКШнын долларына көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Программанын алкагында, ишкерлер “Айыл Банк” ААКтын бардык филиалдарынан улуттук валютасында жылдык 10-12% менен жана АКШнын долларында 5-7% менен 5 жылдык мөөнөткө, бизнести өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттерди алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Маалымат үчүн, 2018-жылдын 1-ноябрына карата, Орус Кыргыз өнүктүрүү фонду 287,2 млн доллар жалпы суммасына ири, чакан жана орто бизнестин 1611 долбоорун каржылады. Каржыланган долбоорлордун 55%ынан ашыгын агро өнөр жай комплексинин жана өндүрүш тармагынын ишканалары түзөт.

← Тизме боюнча артка