“Айыл Банк” ААК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды колдоду

04.12.2018

3-декабрь күнү бүткүл дүйнө боюнча Эл аралык майыптардын күнү белгиленет, бул күн, колдоого жана жардамга муктаж болгон адамдардын тагдырына кайдыгер болбогон адамдардын баарын бириктирет. Ушул күнгө карата “Айыл Банк” ААК бардык филиалдарында кайрымдуулук иш чараларын уюштурду.

Балдар үйлөрүнө, реабилитациялык борборлорго жана майыптардын жарды үй-бүлөлөрүнө тамак-аш продуктылары, жууп-тазалагыч каражаттар жана кеңсе товарлары берилди.

Биз мурда жазгандай эле, “Айыл Банк” ААК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында өткөрүлгөн шахмат боюнча Кыргызстандын Чемпионатын уюштурууга финансылык жагынан жардам берип, Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясына колдоо көрсөттү.

“Айыл Банк” ААК жетиштүү жана тиешелүү колдоону албагандарга жана ага муктаж болгондорго дайыма жардам көрсөтөт. Банк балдарга жана балдар үйлөрүнө, Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ошондой эле региондордун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана социалдык инфраструктурасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн социалдык-маанилүү долбоорлорго кайрымдуулук жана спонсордук жардамды дайыма көрсөтүп турат.

 

← Тизме боюнча артка