2019-жыл – Айыл Банкта экология жылы.

07.12.2018

Ар бирибиз өлкөбүздөгү жана бүткүл дүйнөдөгү экологиялык абал жөнүндө ойлонобуз, бирок кээ бирөөбүз гана болуп жаткан окуяларга жоопкерчилик жөнүндө оюбузду уланта алабыз.

Айлана чөйрөдөгү болуп жаткан окуялар, биринчи ирет, адамдын өмүрүнө зыян келтирет.
Жаратылыш ресурстарын сактоого, экологиялык көрсөткүчтөрдү колдоого, жана кийинки муундарга жаратылышка этияттык менен мамиле жасоого үйрөтүүгө өз салымыбызды кантип кошобуз деп ойлонуп, биз ушул билдирүүнү көргөндөрдү ар кандай ыңгайсыз натыйжаларга алып келе турган аракеттерден алдын алууну максат кылдык.
“Айыл Банк” ААК өзүнүн банк продуктылары боюнча долбоорлорду колдоп, “Жашыл өндүрүшкө” гана каражаттарды берет: өлкөбүздөгү таза абалды сактоо максатында электромобилдерди лизингге берип баштады, Банктын жамааты өлкө боюнча жаңы бактарды тигет, кайрадан иштелген кагаздан жана картондон кеңсе товарларын пайдаланып, толук электрондук документ жүгүртүүгө өтөт.
Жаратылышка жана анын ресурстарына этияттык менен мамиле жасоого, жаратылыш ресурстарын сактап жана кийинки муундарга калтырууга, жаратылыш берген белектерди баалап билүүгө үндөйбүз!
Айыл Банк. Сизге жакын!

← Тизме боюнча артка