“Айыл Банк” ААК Банктар аралык процессинг борборунун версиясы боюнча Элкарт продуктысы боюнча эң мыкты банк болду.

11.12.2018

2018-жыл “МПЦ” ЖАК менен “Айыл Банк” ААКтын кызматташуусунда негизги жыл болгонун белгилеп кетүү зарыл, быйыл төмөнкү көптөгөн долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды:

Региондорду өнүктүрүү жылдын алкагында, Кыргызстандын региондорун банктык жабдыктары менен камсыздоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылды, “Айыл Банк” ААК тарабынан 10 банкомат жана 150 POS — терминал акысыз пайдаланууга берилди. Берилген банкоматтар Нарын облусунун алыскы райондорунда орнотулат.

Бардык Wincor Nixdorf банкоматтарында “Пин-кодду алмаштыруу” жаңы функциясы ишке ашырылды;

“Айыл Банк” ААК Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчи болуп Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери менен Элкарт төлөм карталарын чыгара баштады;

“Береке” Эл аралык акча которуулар системасы аркылуу ар кайсы банктын Элкарт төлөм карталарына акча каражаттарды жөнөтүү.

 

“Айыл Банк” ААК менен “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК – алдыңкы финансылык технологияларды алдыга жылдырган улуттук долбоорлордун синергиясы!


 

← Тизме боюнча артка