“Айыл Банк” ААКтын Бишкек филиалы жаңы имаратка көчүп кирди

19.12.2018

Филиалдын ачылыш аземине “Айыл Банк” ААКтын Директорлор Кеңешинин Төрагасы Кайрат Маматов, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Тулобаев, “Айыл Банк” ААКтын Төрагасынын орун басарлары Уланбек Ногаев, Гульчехра Камчибекова, Жолчубек Уметалиев, Бишкек филиалынын башкармасы Эдиль Асылбеков, Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Банктын кардарлары, өнөктөштөрү жана кызматкерлери катышышты.

 

“Кардарларды тейлөө сапаты, коопсуздугу азыркы замандын талаптарына жооп берген, жаңы, жарык жана кенен имаратка Жаңы жылдын алдында көчүп жатасыңар. Ошондуктан бул окуя өзгөчө майрамдык маанайда өтүп жатат. Учур менен пайдаланып Банктын кызматкерлерин, кардарларын жана өнөктөштөрүн куттуктагым келет. Жаңы кеңседе филиалдын турмушунун жаңы барагы ачылат, жана ал сөзсүз ийгилик, эң жакшы көрсөткүчтөрдү алып келет деп ишенем”, - деп, өзүнүн сөзүндө Кайрат Адамкалиевич Маматов белгилеп кетти.

“Заманбап банктын ачылышы өлкөбүздүн финансылык сектору өнүгүп жатканын билдирет. Банк секторунун экономикага салган салымы абдан чоң. Бишкек шаарында заманбап талаптарга жооп берген Айыл Банктын бөлүмү ачылып жатканына сыймыктанабыз. Жакынкы арада шаардын тургундары жана уюмдары силерде тейленип баштайт деп ишенем. Чын жүрөктөн келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайм жана жакшылыктын баарын каалайм! Биздин шаарыбыз, өлкөбүз өсүп өркүндөй берсин!” – деп, мэриянын өкүлү Балбак Зарлыкович Тулобаев каалап кетти.

Банктын, так айтканда филиалдын кардарларынын атынан «Мастер.kg» ЖЧКнын жетекчиси Жаркынай Исмаилова кардарларды тейлөөгө жакшы шарттарды түзгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыйын мезгилге жана рыноктук атаандаштыкка карабастан, Силер жаңы филиалдарды ачып жатасыңар. Бул Банк кызматкерлеринин эмгеги. Банк өнүп-өсө берсин, жана кардарлардын саны көбөйө берсин! Жаңы жылда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм!” – деп кошумчалап кетти.

 

“Мен 4 жылдан бери Бишкек филиалында тейленем. Бул жерге үйгө келгендей эле келем. Филиалдын жамааты жакшы, кең пейилдүү жана кардарларды жылмаюу менен тосуп алышат. Силер өсүп, биз дагы силер менен кошо өсүп келе жатабыз! Банктар бизнестин кан тамыры, биз силер жок иштей албайбыз. Филиалдын иши үзүрлүү болуп, акча жүгүртүүлөрү өсө берсин, ал эми насыялар өз убагында кайтарылып турсун” – деп, “ОСКО” ЖЧКнын жетекчиси Ахтям Кашвеев өзүнүн каалоолорун айтып кетти.

Салт боюнча “Айыл Банк” ААКтын башка филиалдарынын башкармалары кесиптешти куттуктап, ийгилик каалап, белекке сүрөт беришти.

“Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары жана коноктору, кардарлар, Банктын жетекчилиги, өзүмдүн жана жамаатыбыздын атынан филиалдын ачылышына келип бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем! Биз банктык тейлөөнүн эл аралык стандарттарына ылайык болуу үчүн болгон аракетибизди жасайбыз. Сиздерди филиалыбызда көрүүгө дайыма кубанычтабыз” – деп, Бишкек филиалынын башкармасы Эдиль Асылбеков ишендирип кетти.

Филиалдын ачылыш аземине келгендер үчүн филиал боюнча экскурсия уюштурулуп, аларга кызматкерлердин кабинеттери, операциялык зал, кассалык түйүндөр, VIP-кардарларды тейлөө кабинкасы көрсөтүлдү.

 

Филиалдын жаңы имаратында корпоративдик кардарларга дагы, жеке жактарга дагы финансылык кызматтардын төмөнкү түрлөрүнүн комплекси сунушталарын белгилеп кетүү зарыл:

- кредиттерди берүү;

- жеке жана юридикалык жактарга эсептешме-кассалык тейлөө кызматтарын көрсөтүү;

- эл аралык акча которууларды өткөрүү.

Иш тартиби:

Дш – Жм - 08:30-17:30

Кардарларды тейлөө - 09:00-16:30

Тыныгуу - 12:00-13:00

Иш - 09:00-14:00, тыныгуусуз

Жм – дем алыш

 

Маалымат үчүн:

Банк 4 кабаттуу имаратка жайгашты.

- имараттын подвалында Банктын Башкы кеңсесинин Окуу борбору;

- биринчи кабатта 4 кассалык түйүнү (алардын ичинен 1 касса VIP кардарлар үчүн) менен операциялык зал, операциялык кызматкерлер үчүн 6 орун. 2-кабатта филиалдын кызматкерлеринин кабинеттери.

- 3-кабатта Банктын Башкы кеңсесинин Төлөм карталар башкармалыгы.

Бишкек филиалынын Жаш Гвардия көчөсүндөгү мурунку имаратында “Берекет Гранд” №048-02-15 сактык кассасынын базасында “Кардарларды тейлөө борбору” уюштурулду жана бул борбор узартылган күн тартипте иштейт.

 

← Тизме боюнча артка