Сак болгула, фишинг каттары активдүү жөнөтүлүп жатат

26.12.2018

Катта mobiltechnics.com. интернет-ресурсуна кирүү сунушталат. Сураныч, мындай алдамчыларга ишенбеңиз!

Жакында эле Кыргызстандын Эмгек жана Социалдык Өнүктүрүү министрлиги пособияларды берип жаткандыгы жөнүндө алдамчылык жөнөтмөлөр дагы ушул интернет-ресурска алып келди:

http://mobiltechnics.com шилтеменин жардамы менен ушундай фишинг чабуулдар Казахстан менен Азербайджанда байкалган.

Ушул шилтеме боюнча өтүү, жарнаманы көрсөтүүдөн баштап кара ниет адамдарга жеке маалыматтарыңызды берүү, телефонго вирус жуктуруу, төлөнүүчү СМС-кызматтарга туташтырууга чейин коркунуч келтириши мүмкүн.

Сунуштамалар

Жаңы жылдык майрам күндөрү сатып алуулардын жана жарнамалык жөнөтүүлөрдүн көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу, шектүү барактарга кирүүдөн, өтүүдөн өзгөчө сак болуңуз.

Оюн-зоок багытындагы интернет-ресурстарга, жакшы билбеген ресурстарга кирбөөгө, шилтемелер жана баннелер боюнча “сенсацияларга” өтпөгө сунуш беребиз – себеби ушундай жаңылыктар көбүнчө ар кандай зыян келтирүүчү программаларды орнотуу жолу менен пайдалануучулардын мобилдүү түзүлүштөрүнө жуктуруу үчүн колдонулат.

Ошондой эле СМС-билдирүүлөр жана бир жолку коддор келген телефондун коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруңуз.

Телефондун коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуштамалар

1. Өзүңүздүн негизги e-mail дарегиңиз жана бир жолку убактылуу паролдор келген негизги телефондун номери бар болгон телефондун графикалык же жарыш блокировкасын күйгүзүңүз.

2. Ачык/ корголбогон веб-ресурстарында телефондун негизги номерин, электрондук почтаны көрсөтпөңүз. Ал үчүн кошумча e-mail даректи же телефондун башка номерин ачуу жакшыраак болот. Корголбогон веб-ресурстун дареги http:// башталат, ал эми коргоого алынган веб-ресурс https:// башталып, жашыл түстө күйөт.

3. Мүмкүн болсо эки фактордуу идентификация менен пайдалануу жакшыраак болот – бул, телефонуңузга авторизация үчүн кошумча бир жолку код келген учурда.

4. Кыскартылган URL даректер боюнча өтпөөгө аракет кылыңыз.

Сизге кандайдыр бир операциянын тез жүргүзүүсү, же болбосо зыяндуу деп кыска мөөнөттүн ичинде аткаруусу сунушталган, белгисиз даректен жана белгисиз темага келген шектүү каттарды карап чыгууну сунуштайбыз.

 

← Тизме боюнча артка