Жылды жыйынтыктап, маанилүү окуялар жөнүндө айтып бергибиз келет

18.12.2018

Эң мыкты көрсөткүчтөрдөн баштайлы. Кызматкерлер корпоративдик баалуулуктарды, жамааттык бирдикти түшүнбөсө, бул көрсөткүчтөргө жетүү мүмкүн эмес болмок. “Айыл Банк” ААК кызматкерлер талыкпай иштеген жер гана болбостон, бул жерде алар корпоративдик турмушка, тимбилдингдерге жана Спартакиадаларга катышып, ден соолугун чыңап, көңүлүн көтөргөн жер. Акыркы Спартакиада 2018-жылы Ош шаарында өткөрүлдү.

Айыл Банк үч жылдан бери өнөктөш жана спонсор болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата, Спартакиаданын программасына Nomad спорттун төмөнкү түрлөрү биринчи жолу кошулду: таяк – тартыш, тогуз коргоол, ордо. Ошондой эле футбол, настольный теннис, шахмат жана армреслинг – спорттун салттуу түрлөрүнөн тышкары, биринчи жолу программага аралыкка чуркоо жана эстафета түрлөрү кошулду.

Спартакиада, спорт ар бир кызматкердин турмушунда бар болгондугун жана компаниянын корпоративдүү маданиятынын бир бөлүгү болгондугун көрсөттү.

“Айыл Банк” ААКтын командасы өндүрүштүк маселелерди чечүүдөн жана амбициоздук долбоорлорду ишке ашыруудан тышкары, спортто дагы жеңиштерге жетише алат.

← Тизме боюнча артка