“Айыл чарбаны финансылоо-7” долбоору ишке ашырылып баштады

06.02.2019

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

“Айыл чарбаны финансылоо-7” долбоору Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектилерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, 2019-жылдын жазгы талаа жана айыл чарба иштерин өз убагында өткөрүү, ошондой эле дыйканчылык, мал чарбачылык жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү максаттарында ишке ашырылып жатат.

“Айыл чарбаны финансылоо-7” долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү – 60 айга чейин, долбоор 2019-жылдын февраль айында ишке ашырылып баштайт.

“Айыл чарбаны финансылоо-7” долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттерди ала тургандар, билдирмесин электрондук кезекте сөзсүз түрдө катташы керек. Бул талап, көптөгөн билдирмелерди тартипке келтирүү жана кредиттик билдирмелерди кароодо кара ниет менен мамиле жасоого жол бербөө максатында коюлган, мындай тажрыйба “Айыл Банк” ААКта 2011-жылдан бери колдонулат. Билдирмелерди каттоо жыл сайын, адаттагыдай эле, январь айында башталат жана Банк бул программа боюнча каражаттардын көпчүлүгүн өздөштүргөнгө чейин өтөт. Ушул эрежеден тышкары болуп, өсүмдүк өстүрүү, агро кайра иштетүү, асыл тукум малды багуу жана айыл чарбадагы алгачкы багыттар саналат. Б.а. жогорудагы долбоорлор Банк тарабынан “Айыл чарбаны финансылоо-7” программасынын алкагында алгачкы тартипте каралат, ал эми өсүмдүк өстүрүү кезексиз каралат.

2018-жылы “Айыл чарбаны финансылоо-7” программасынын алкагында, “Айыл Банк” ААК тарабынан 1,8 млрд сомго 3 318 кредит берилгенин белгилеп кетүү зарыл, анын ичинде Мал чарбачылыкка - 900 млн. сомго 2 005 кредит, Өсүмдүк өстүрүүгө – 446,5 млн. сомго 1 154 кредит, Агро кайра иштетүүгө 453,5 млн сомго 159 кредит берилген.


 

← Тизме боюнча артка