Өткөн жылдын жыйынтыктоосун улантабыз

25.12.2018

Так айтканда, жылдын башында Асака банк (Өзбек республикасы) менен корреспонденттик эсепти ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашууга эки тараптын бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусу менен кол коюлду, иш чара өзбек делегациясынын Кыргыз Республикасына келишинин алкагында, кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө болуп өттү. Кыргыз компанияларында товарларды экспортко жөнөткөндө, өзбек сумдарды сом менен АКШнын долларына конвертациялоодо буга чейин кыйынчылыктары болуп келген.

Жылдын аягында “Айыл Банк” ААК менен Өзбекстанда жеке жактардын эл аралык акча которуулары рыногунда лидер болуп саналган “ХамкорБанк” АКБнын (Өзбекстан Республикасы) өкүлдөрүнүн ортосунда, “Береке” акча которуулар системасына кошулуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи Ош шаарында болуп өттү.

Ушул макулдашууга кол коюлгандан кийин “Айыл Банк” ААКтын “Береке” акча которуулар системасы эл аралык болуп калды. Бул Кыргызстандын банк чөйрөсү үчүн чоң жетишүү. “Береке” системасы боюнча кыска мөөнөттүн ичинде, банктык эсепти ачпай, которуу кайсы жакка жана кайдан жөнөтүлгөнүнө карабастан, акча которсо болот.

Мындан тышкары, “Айыл Банк” ААК менен KB Kookmin Bank (Корея Республикасы) ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, 2018-жылдын август айынан баштап корреспонденттик эсеп ачылган, ал Кыргыз Республикасынын жарандарына Корея Республикасына вона – улуттук валютасында акча которууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул мүмкүнчүлүк, жөнөтүлгөн акча каражаттарды АКШнын долларына андан кийин вонага конвертациясын жүргүзүүгө зарылчылыктын жоктугу менен ыңгайлуу, эми акча каражаттарды жана убакытты жоготпостон, которууну түздөн-түз вона менен жөнөтсө болот.

Ушул опция менен Корея Республикасында убактылуу жашаган жана иштеген КРдин жарандары дагы колдонсо болот, алар акча которууларды вона менен “Айыл Банк” ААК аркылуу жөнөтө алышат

“Айыл Банк” ААК кардарларына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга дайыма кубанычта!

← Тизме боюнча артка