“Айыл Банк” ААК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялык борборго жардам көрсөттү

27.12.2018

Борбор өз ишин 1999-жылы 56 баладан жана 7 кызматкерден баштаган, бүгүнкү күнгө болсо ал жерде күндүзгү болуу жана окутуу түрүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ар кандай жаштагы 580 бала бар. Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Уланбек Ногаев куттуктоо сөзүндө белгилеп кеткендей, ушундай балдарды карап, аларга кам көрүүдөн тышкары, башка балдар менен тең мүмкүнчүлүктөрдү берип, билим берген жана жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө көмөк көрсөткөн борборлордун демилгелерин колдоо зарыл.

“Азырынча биз күнүмдүк керектелүүчү муктаждыктарга гана жардам көрсөтүп жатабыз, бирок мындан чоң жардам көрсөткүбүз келет, ошондуктан ушундай татынакай борборго келечекте дагы жардам көрсөтүүнү улантабыз деп оюбузда бар”. Банктын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан, жаш балдар көп убактысын өткөргөн эс алуу бөлмөлөрүнө 4 килем берилди. Мындай белек абдан керек болчу, себеби Борбор 1938-жылы курулган имаратта жайгашкан жана полдору жараксыз болгонуна байланыштуу, жөрмөлөгөн балдарга полду кошумча жылуулап туруу зарыл.

“Айыл Банк” ААК жетиштүү жана тиешелүү колдоону албагандарга жана ага муктаж болгондорго дайыма жардам көрсөтүп турганын белгилеп кетүү керек. Банк балдарга жана балдар үйлөрүнө, Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, ошондой эле региондордун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана социалдык инфраструктурасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн социалдык-маанилүү долбоорлорго кайрымдуулук жана спонсордук жардамды дайыма көрсөтүп турат.

Жыл ичинде аларга тамак-аш продуктылары, жууп-тазалагыч каражаттары, кеңсе товарлары, акча каражаттары ж.б. берилди. “Айыл Банк” ААК жыл сайын миллион сомго чейинки акчаны кайрымдуулукка жөнөтөт.

Мындан тышкары “Айыл Банк” ААК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында өткөрүлгөн шахмат боюнча Кыргызстандын Чемпионатын уюштуруусуна финансылык жактан жардам берип, Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясына колдоо көрсөттү.

 

 

← Тизме боюнча артка