Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча кредит берүү боюнча КРдин эң мыкты банктарынын бири болуп “Айыл Банк” ААК таанылды

31.12.2018

2018-жылдын 28-декабрында Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун имаратында жеңүүчүлөргө сыйлык берүү аземи болуп өттү, бул иш чара Акциянын жыйынтыктары боюнча өткөрүлдү жана Фондунун кредит продуктылары жөнүндө зайымчылардын маалымдуулугун жогорулатууга, региондордо кредит берүүнү көбөйтүүгө, ОКӨФтүн продуктыларын сунуштап алдыга жылдырууга багытталган. Өлкөнүн региондорунда эң чоң көлөмдөгү кредиттерди берген Фондунун өнөктөштөрүнүн эң мыкты кредиттик адистери ар кандай байгелер жана дипломдор менен сыйланышты. Алардын ичинде “Айыл Банк” ААКтын 19 адиси.

“Эң мыкты кредиттик эксперт” номинациясындагы приз Жалал-Абад филиалынын кредит берүү секторунун башкы адиси Азимбаев Мирланга ыйгарылды. Жеңүүчү Турцияга эки адамга путевка алды.

“Үзүрлүү кредиттик эксперт” номинациясында төмөнкүлөр жеңүүчү болуп аныкталышты:

- Кыргызбаев Улан – Кочкор филиалынын кредит берүү секторунун башкы адиси;

- Темирбаева Айгуль –Кызыл-Кыя филиалынын кредит берүү секторунун адиси;

- Мелис уулу Нурбек – Каракол филиалынын Жети-Өгүз РПнын жетектөөчү адиси;
Аларга "Samsung" телевизорлору тапшырылды.

Калган 15 адиске Smart TV HISENSE белектери берилди.

Кредиттик эксперттин аты-жөнү

Регион

1

Абдраманов Нурланбек

Ош облусу

2

Абдылдаев Арген

Ысык-Көл облусу

3

Айылчиев Рустам

Нарын облусу

4

Акматова Индира

Чүй облусу

5

Алимбек кызы Айдай

Чүй облусу

6

Аширалиев Кубан

Чүй облусу

7

Базарбаева Нурзат

Жалал-Абад облусу

8

Базарбай уулу Бектурбек

Ысык-Көл облусу

9

Бейшенов Нурадил

Баткен облусу

10

Жайылов Женишбек

Жалал-Абад облусу

11

Жолоков Мирбек

Жалал-Абад облусу

12

Кутманова Назгуль

Ош облусу

13

Мухамбетов Талантбек

Ысык-Көл облусу

14

Тойчубеков Улукбек

Баткен облусу

15

Узарбеков Азамат

Талас облусу

“Айыл Банк” ААКтын жамааты жеңүүчүлөрдү алган байгелери менен куттуктайт жана ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалайт.“Айыл Банк” ААК менен ОКӨФтүн биргелешкен иши Кыргызстандын элине, өзгөчө региондордо жашагандарга чоң пайда жана жакшы жашоого умтулууда ийгилик алып келет деп жана эки уюмдун ортосунда өз ара мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөт деп ишенебиз. Келе жаткан Жаңы Жылыңыздар менен!

← Тизме боюнча артка