Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын версиясы боюнча “Айыл Банк” ААК “Жылдын өнөгү” деп таанылды

28.12.2018

Сыйлык берүү МИКтин өнөктөш-банктарынын 2018-жылдын ишинин жыйынтыктары боюнча өткөрүлдү. Айыл Банктын атынан иш чарага Насыялоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Нишаев, НБнын филиалдарды кредиттик коштоо бөлүмүнүн башчысы Талант Келдибеков жана жетектөөчү адиси Талгат Мадияров, НБ ОАиРКнын кредит берүү боюнча менеджер Урмат Кербенбаев, АБЦ филиалынын жетектөөчү адиси Бектур Базарбай уулу катышышты.

Сыйлык берүүнүн салтанаттуу аземин ачып жатып, “МИК” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Бактыбек Шамкеев, Өкмөттүн “Арзан турак жай 2015 - 2020” программасынын алкагында ипотекалык насыялоону ишке ашыруу боюнча шериктеш – банктардын чоң салымын белгилеп кетти, белгиленген иш чараларды жогорку деңгээлде өткөргөнү үчүн өнөктөш уюмдарга ыраазычылык билдирип, ошону менен бирге бул социалдуу жагынан маанилүү иште кызматташуунун жана өнөктөштүктүн күндөн күнгө өсүп жаткан маанисин өзгөчө белгилеп кетти.

Андан кийин сыйлык берүү аземи болуп өттү. Жеңүүчүлөр, МИК ААК менен коммерциялык банктардын ортосунда Кызматташуу жөнүндө башкы макулдашууга кол коюлган мезгилден баштап берилген кредиттердин санын өткөн күндөрдүн санына бөлүү жолу менен аныкталды.

“Айыл Банк” ААК төмөнкү номинацияларда жеңүүчү болуп чыкты:

Жылдын өнөгү: “Арзан турак жай 2015 - 2020” программасынын ишке ашыруусуна катышкан жана ипотекалык кредиттерди өз каражаттарынан берген эң мыкты банк.

Жеке курулган турак жай боюнча лидер: жеке турак жайды курууга ипотекалык кредиттерди берген банк.

Жылдын кредиттик адиси: Сабырбек уулу Фархад – кардарлар базасы менен иштөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдерди түзүү боюнча өзгөчө активдүүлүктү көрсөткөн, эң мыкты кредиттик адис (Балыкчы филиалы).

Жылдын регионалдык өнүгүүсү: “Айыл Банк” ААКтын Каракол филиалы – республикабыздын региондорунда ипотекалык кредиттерди берүү боюнча Банктардын арасында эң мыкты филиал.

МИК боюнча Банктын эң мыкты кызматкерлери: Базарбай уулу Бектурбек (Айыл Банк-Борбор), Айтмамат уулу Илимбек (Ош филиалы), Кубанычбек кызы Кенже (Өзгөн филиалы)

Банктын эң мыкты куратору: Талгат Мадияров жана Урмат Кербенбаев

Жеңүүчүлөргө МИК тарабынан байгелер менен белектер тапшырылды. Ушундай жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер менен “Айыл Банк” ААКтын жетекчилиги жана жамааты сыймыктанат. Жыйынтыгында, албетте, Кыргызстандын жарандары жеңүүчү болуп чыгышат, себеби Айыл Банк менен “МИК” ААКтын биргелешкен ишинин аркасы менен алар жашоо шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

← Тизме боюнча артка