“Айыл Банк” ААК “ВПС - Лизинг” жаңы лизинг продуктысын иштеп чыкты

09.01.2019

Долбоордун ишке ашыруусуна 200 млн. сом каралды.

“Бул продуктыны иштеп чыгуусу, өлкөбүздөгү сүт өндүрүшү акыркы он жылдын ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишкенине жана Кыргызстандагы уйдун башы 30%га чейин көбөйгөнүнө байланыштуу. Бирок акыркы он жылдын ичинде бир уйдан саалган сүттүн көлөмү 10%га чейин азайды. Бул, өндүрүмдүүлүктүн төмөндөтүүсүнө алып келген, асыл тукум малдын жөнөкөй породалары менен аралашкандын натыйжасында болуп жатат. Ошондуктан сүт берген малдын продуктуулугун жогорулатуу жана чарба жүргүзүүнүн экстенсивдик ыкмасынан интенсивдик ыкмасына өтүү зарылчылыгы пайда болду.
Бүгүн өлкөбүздүн сүт тармагы, сүт продукциянын ар кандай түрлөрүн жана башка продуктыларды чыгарган, республикабыздын тамак-аш өнөр жайынын визиттик карточкасы болушу ыктымал. Өлкөбүздүн сүт тармагы жүздөгөн түрлөрүн камтыйт жана бул тизме жаңы бренддер жана товардык позициялар менен дайыма толукталып турат. Мындан тышкары, акыркы жылдары сүттү кайра иштетүүчү ишканалар продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүп жатышат.

Мурат Акимовдун айтымы боюнча: “республикабыздын сүт тармагын жана экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү боюнча көрүлгөн чараларды активдештирүү зарыл. Сүт жана кайра иштетүү өндүрүшүндө адистештирилген региондордун негизинде кластерлерди өнүктүрүү керек. Жана сүт кластерди уюштуруунун механизмдеринин бири болуп, биздин Банк иштеп чыккан жаңы лизинг продуктысы саналат.”

Продуктынын негизги шарттары:

Дайындоосу: сүт багытындагы (гольштин-фриз, джерсей породалары) жана/ же сүт менен эт багытындагы (буро-швицпородасы) жана эт багытындагы (абердин-ангус породасы) чет өлкө селекциядагы 1,5 жаштан 3,5 жашка чейинки кунажындар жана/ же уйлар.

Валюта-сом;

Мөөнөтү – 5 жылга чейин.

Пайыздык чен – жылдык 10 (он) пайыз.

← Тизме боюнча артка