III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кошкон салымы үчүн “Айыл Банк” ААКка Премьер-министрдин алкыш катты тапшырылды

18.01.2019

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухамедкалый Абылгазиевдин атынан КРдин Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндардын уюштуруусуна жана өткөрүүсүнө кошкон салымы үчүн “Айыл Банк” ААктын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимовго алкыш катты тапшырды.

“Айыл Банк” ААК 2014-жылы башталган жана 2016-жылы улантылган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демилгесин колдоп, ага активдүү катышып, өзүнүн расмий өнөктөш катары катышуусун 2018-жылы ийгиликтүү аяктады. Андан кийин оюндарды өткөрүү укугу Турцияга өткөрүп берилди.

Айыл Банктын жамааты этностор менен элдин ортосунда өз ара толеранттуу мамилелерди тарбиялоо максатында, дүйнөлүк этностордун жана элдердин кайтадан жаралуусуна, өнүгүүсүнө жана сактап калуусуна көмөктөшкөн командага киргенине сыймыктанат.

Оюнга катышуусу Банк жамаатынын эсинде калат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткан мезгилде промо-акцияларды өткөрүү үчүн, дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн келген конокторго жана делегацияларга заманбап, өнүккөн финансы мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, банкты татыктуу көрсөтө турган эң мыкты кызматкерлердин арасында кастинг өткөрүлдү. Нарын, Ала-Бука, Кара-Суу, Гүлчө, Талас жана Чолпон-Ата филиалдарынын эң мыкты жаш адистери тандалып, алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганынан тартып, ипподром менен Кырчында аяктаганга чейин иштешти.

Банк “Мөңгү” (“Ледник”) эл аралык этно-экологиялык фильмдердин кинофорумуна колдоо көрсөттү, бул иш чара Кырчын этно шаарчасында өткөрүлдү.

Оюндар өткөрүлгөн мезгилдин ичинде 100 сомдук белектик балансы менен 200 Береке мобилдик капчык ачылды, Оюндар өткөрүлгөн жерлерде орнотулган төлөм терминалдары өлкөбүздүн тургундарына жана конокторго жүздөгөн ар кандай төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн үзгүлтүксүз камсыздап турушту.

Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун аянтында жайгашкан “Айыл Банк” ААКтын бутигинде иштеген жаш адистер келген конокторду жакшынакай маанай менен тосуп турушту, бул жерде жашылча-жемиштер сунушталып, төлөм терминалдын кызматтары менен пайдалануудан тышкары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тематикасында КРУБдун монеталары сатылып жатты.

Биз Оюндардын татыктуу өтүшүнө өз салымыбызды коштук деп сыймыктануу менен белгилеп кетсек болот! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жылдан жылга өнүгүп, келечеги кең болсун!

← Тизме боюнча артка