«Айыл Банк» ААКсы 9 Май Улуу Жеңиш күнүндө ардагерлерди куттуктады

13.05.2019

Кызматкерлер баарын үймө-үй кыдырышып, эч кимин унутпастан куттуктап чыгышты. Өсүп келе жаткан муундардын бакубат жашоосу үчүн өз жандарын аябаган ата-апаларыбыздын азыркы жаркын келечекти куруп бергенине терең ыраазычылык билдиришти. Алардын ар бирине аяр мамиле жасалып, майрамдык белектер жана жарык маанай тартууланып жатты.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, согуштагы окуяларды, согуш кезиндеги жана андан кийинки жылдары эл башынан өткөн оорчулуктарды эскеришти жана азыркы муундарга акыл-насаатын айтып, батасын беришти.
Кошумчалай кетчү нерсе, Айыл Банктын кызматкерлери бүтүн Кыргызстан боюнча "Өлбөс полк" жана башка Улуу жеңиш күнүнө арналган иш чараларга катышышты. 

Тилекке каршы, азыркы күндө арабызда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан саналуу гана улуу муундун өкүлдөрү калды. Каарман аталарыбыздын эрдигин унутпастан, сый-урмат көрсөтүп, камкордукка бөлөп, баалап-барктап алуу биздин парзыбыз. 

Ачык асман алдында бейпил турмуш үчүн ардагерлерге баш ийип, таазим этебиз!

← Тизме боюнча артка