«БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы — төлөм системасындагы жаңы муундагы, ишенимдүү финансалык жардамчыңыз. Сиздин чөнтөгүңүүздөгү капчыгыныз, эми баардык эсепти жүргүзүп, кайтарымды,калдык акчаны баардыгын эсепке алып турат.
«БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы ачкан мүмкүнчүлүктөр:
- коммуналдык кызматтарга, телевидение, интернет, салыктарга төлөм жасоо;
- уюлдук телефондорго акча жүктө;
- кайрымдуулук уюмдарына салым салуу ;
- товар менен кызматтарга акы төлөө;
- киного, театрга билет сатып алуу;
- «БЕРЕКЕ» системасынын ичинде акча которуу;
«Айыл Банк» ААКсынын кеңселеринин биринде индентификация жасалган соң, электрондук капчык аркылуу айрым банктык операцияларды аткара аласыз:
- эсепти толтуруу;
- насыяга төлөм жасоо;
- депозиттик эсепке акча салуу;
- “Элкарт” төлөм системасын толуктоо.
Ошентип, «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы сиздердин кезек күтүп же жолго короткон убакытты үнөмдөйт же болбосо, насыяны төлөйм деп кетирген убакыттын ордуна үйдө жакындарыңызга көңүл бурууга шарт түзөт. Айтмакчы электрондук капчыкка суроо талап жогору. Заманга жараша ыңгайлуу, тез жана кызмат көрсөтүүдө, төлөм жасоодо баардык талаптарга жооп берген төлөм каражаты экенин далилдеди.
«БЕРЕКЕ» капчыгын артыкчылыктары:
- Ишенимдүү. «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы Айыл Банктын продуктусу. Анын 100% акциясы мамлекетке таандык. Ошондуктан, «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы мамлекет тарабынан кепилденген ишенимдүү кызмат.
- Кеңири мүмкүнчүлүктөр. «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы 24/7 күн тартибинде кеңири банктык жана төлөм кызматтарын сунуштайт.
- Ылдамдык. Баардык төлөм жана акча которуулар онлайн режиминде бир нече секундда жүрөт.
- Жеткиликтүү жана ыңгайлуу. «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы «Айыл Банк» ААК банкоматтары менен баардык бөлүмдөрүндө тейлөөгө алынат. Акча чыгаруу Банктын 180 мекемесинде жасоого мүмкүн.
- Бекер тейлөөгө алуу. Негизги төлөм операциялары, насыяны жоюуга жана башка кызматтардын баардыгы «БЕРЕКЕ» электрондук капчыгы аркылуу баардык колдонуучуларга АКЫСЫЗ жасалат. Болгону уюлдук телефондон жүктөлүшү керек.
- Каттоонун жөнөкөйлүгү. «БЕРЕКЕ» уюлдук телефон аркылуу бир нече аракет гана жасоо жетиштүү:
- Өз номериңизди bereke.ab.kg сайтына киргизип же «Береке» тиркемесин жүктөп алып ( Play Маркет/OIS алдын ала жүктөп);
- SMS аркылуу алган сыр сөздү киргизип;
- жаңы купуя сыр катып аны киргизип коюу керек;
- Текшерүү. Баардык жасалган төлөмдөрдү сооданын тарыхы аркылуу жана автоматтык түрдө транзакция жасалганда келген SMS аркылуу текшерүүгө алса болот.
«БЕРЕКЕ» кардарларын жаңы кызматтар жана сунуштары менен кубантууга аракет кылат.