2019-жылдын 04-июнунда жүгүртүү мөөнөтү 7, 28, 91 жана 182 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Эмиссиянын № Эмиссиянын көлөмү (миң.сом) Эмиссиянын датасы Төлөө мөөнөтү
BD001190613 2 300 000,0 06.06.2019 13.06.2019
BD004190704 500 000,0 06.06.2019 04.07.2019
BD013190905 150 000,0 06.06.2019 05.09.2019
BD026191205 100 000,0 06.06.2019 05.12.2019
2019-жылдын 28-майында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 28 жана 91-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,74%, 4,23% жана 4,25% түзгөн. Жүгүртүү мөөнөтү 182-күндүк ноталардын аукциону суроо талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.