2019-жылдын 27-августунда жүгүртүү мөөнөтү 7, 28 жана 91 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Эмиссиянын № |
Эмиссиянын көлөмү (миң. сом) |
Эмиссиянын датасы |
Төлөө мөөнөтү |
BD001190904 |
1 600 000,0 |
28.08.2019 |
04.09.2019 |
BD004190925 |
600 000,0 |
28.08.2019 |
25.09.2019 |
BD013191127 |
50 000,0 |
28.08.2019 |
27.11.2019 |
2019-жылдын 20-августунда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7-күн жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,72% жана 4,16% түзгөн. Жүгүртүү мөөнөтү 91-күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.