Персонал менен иш алып баруу башкармалыгы, “Ислам терезеси” Департаментинин директорунун орун басары кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Талапкерлерге карата минималдуу талаптар:
· Жогорку экономикалык билиминин болушу;
· Банк жана финансы-кредит чөйрөсүндө кеминде беш жылдык, анын ичинде жетекчилик кызматта кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы;
· Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзам талаптарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик актыларын мыкты билүүсү;
· Талдап-иликтөө, пландаштыруу, кызматкерлердии ишин координациялоо жана башка башкаруу жөндөмүнүн болуусу:
Бош турган кызмат ордуна талапкерлер, белгиленген формада толтурулган өтүнүч катты Банктын Персонал менен иш алып баруу башкармалыгына, А.С. Атамкулованын дарегине же “Ислам терезеси” Департаментинин директору С.Бапа уулунун электрондук дарегине sanzhar.bapa.uulu@ab.kg 2025-жылдын 21-мартына чейин жөнөтүүсү зарыл.