Кредит бөлүмүнө адистер талап кылынат

Кредиттөө бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна талапкерге карата коюулуучу талаптар: 

  • Банк чөйрөсүндө жана кредиттөө тармагында кеминде 3 жылдык эмгек стажы 
  • Кредиттөө бөлүмүндө жетекчилик кызматтарда кеминде 1 жылдык тажрыйбасы
  • Бөлүмгө жетекчилик кылуу, ишти пландаштыруу жана уюштуруу тажрыйбасы
  • Кредиттөө  багытын жөнгө салган мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды билүүсү
  • Тобокелдиктерге жана кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү ыкмаларын билүүсү
  • Карыз алуучулардын финансылык абалына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмаларын билүүсү
  • Кардарлар жана өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрү
  • Кредиттерди сунуштоо боюнча чечимдерди кабыл алуу жана ички регламенттин сакталышына контролдук кылуу
  • Иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында башка бөлүмдөр менен өз ара кызматташуу
  • Кредиттөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин билим алуусуна жана тажрыйбасын арттыруука көмөктөшүү 

Кредиттөө боюнча башкы жана жетектөөчү адис кызмат ордуна талапкерлерге карата коюулуучу талаптар 

  •  Банк чөйрөсүндө жана кредиттөө тармагында кеминде 2 жылдык эмгек стажынын болушу 
  • Кредиттөө  багытын жөнгө салган мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды билүүсү
  • Тобокелдиктерге жана кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү ыкмаларын билүүсү
  • Карыз алуучулардын финансылык абалына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү тажрыйбасы, кредиттик билдирмелерди даярдоо жана тариздөө
  • Карыз алуучулардын финансылык абалына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмаларын билүүсү
  • Кардарлар жана өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрү.
  • Иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында башка бөлүмдөр менен өз ара кызматташуу

 

Кредиттөө боюнча адис кызмат ордуна талапкерлерге карата коюулуучу талаптар

  • Потенциалдуу кардарларды тартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу
  • Кредиттик продукттар боюнча консультацияларды берүү 
  • Каржылоого билдирмелерди кабыл алуу жана кароого алуу, документтерди топтоо 

 

Кызыккандар төмөнкү байланыштарга кайрылыңыздар:

 zamira.mansurova@ab.kg

 0704 860677

 

← Тизме боюнча артка