Пенсиялык тейлөө
Урматтуу пенсионерлер!
Пенсияны биздин Банктан алуу үчүн, төмөнкү кадамдарды жасоо керек:
- Биздин Банкка кайрылып, пенсиялык күбөлүктү жана паспортту көрсөтүү.
- Көрсөтүлгөн документтердин негизинде, Сизге пенсиялык эсеп ачылат жана Банктын маалым даректери берилет.
- Сиз банктын маалым даректерин, пенсияңызды Айыл Банкка которуу үчүн Соцфондко бересиз.
- Соцфонд пенсияңызды Айыл Банкта ачылган пенсиялык эсебиңизге которот.
- Мындан ары, Сиз биздин Банкыбыздын кардары болуп эсептелесиз.
Мындан тышкары, пенсияңызды карточка аркылуу алуу үчүн, “Элкарт” төлөм картасын сатып алсаңыз болот.