Мамлизинг

Лизингдин

багытталышы

Каржылоо булактарына ылайык:

- Мамлизинг-1 – айыл чарба техникаларын жана жабдууларын, айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын чыгаруу үчүн каралган технологиялык линияларды жана жабдууларды сатып алуу (иче турган таза сууну жана алкоголдук ичимдиктерди чыгарууну эске албаганда);

- Мамлизинг-2 - айыл чарба техникаларын жана жабдууларын,ошондой айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын чыгаруу үчүн каралган технологиялык линияларды жана жабдууларды сатып алуу (иче турган таза сууну жана алкоголдук ичимдиктерди чыгарууну эске албаганда);

- Мамлизинг-3 - айыл чарба техникаларын жана жабдууларын, ошондой айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын чыгаруу үчүн каралган технологиялык линияларды жана жабдууларды сатып алуу (иче турган таза сууну жана алкоголдук ичимдиктерди чыгарууну эске албаганда);

- Мамлизинг-4 – түшүм жыйноочу айыл чарба техникаларын (дан эгинин оруп алуучу, тоют даярдоочу, жүгөрү оруп алуучу, кызылча жыйноочу, буурчак жыйноочу жана чөп чабуучу) сатып алуу;

- Мамлизинг -5 - айыл чарба техникаларын: дан эгинин оруп алуучу, тоют даярдоочу, жүгөрү оруп алуучу, кызылча жыйноочу, буурчак жыйноочу жана чөп чабуучу, пахта жыйноочу комбайндарды жана олуттуу кубаттуулуктагы трактарлорду сатып алуу;

- Мамлизинг -6 - айыл чарба техникаларын, п кайра иштетүү үчүн каралган техникаларды, чачыратып жана тамчылатып сугаруучу жабдууларды (машиналарды) сатып алуу.

Лизинг валютасы - Сом
Лизинг мөөнөтү

Каржылоо булактарына ылайык:

- Мамлизинг-1, Мамлизинг -2, Мамлизинг -3 – 7жылга чейин;

- Мамлизинг -4, Мамлизинг -5, Мамлизинг -6 - 10 жылга чейин.

- компенсацияланууга тийиш болгон лизинг предмети боюнча 12 айдан 60 айга чейин.

Пайыздык чен

Каржылоо булактарына ылайык:

Мамлизинг-1, Мамлизинг -2:

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 30% жана андан ашкан прайызын түзгөн шартта – жылдык 6 (алты) пайыз;

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 20% дан 29 % чейинкисин түзгөн шартта - жылдык 7 (жети) пайыз;

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 10% дан 19 % чейинкисин түзгөн шартта - жылдык 9 (тогуз) пайыз.

Мамлизинг-3:

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 30% жана андан ашкан прайызын түзгөн шартта - 8 (сегиз) пайыз;

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 20% дан 29 % чейинкисин түзгөн шартта - жылдык 9 (тогуз) пайыз;

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 10% дан 19 % чейинкисин түзгөн шартта - жылдык 11 (он бир) пайыз.

Мамлизинг -4, Мамлизинг -5,:

- жылдык 6 (алты) пайыз.

Мамлизинг -6:

- жылдык 4,5 (төрт жарым) пайыз.

Лизинг алуучунун  долбоор боюнча өздүк салымы

Лизинг алуучу өздүк салымды акчалай төлөшү зарыл жана ал башка чыгашаларды эке албаганда, лизинг предметинин наркынын кеминде 10% түзүүгө тийиш.

Андан кийин төлөнгөн өздүк салым, лизинг боюнча биринчи төлөм катары колдонулат.

Лизинг алуучу, бажы кароосунан жана тариздетүүсүнөн өтүүгө байланыштуу түздөн-түз чыгымдарды төлөө үчүн акча каражаттарын, ошондой эле лизинг мезгилине камсыздандыруу сыйлыктарын төлөө үчүн каражаттарды, өздүк салымдан өзүнчө төлөөгө милдеттүү.

Лизинг боюнча камсыздоо

Алдын ала аныкталган жерге, имаратка жана/ же жер тилкесине орнотуу долбоорлонуп жаткан жана орнотулган атайы багытка каралган жабдууларды алууда лизинг алуучу кошумча аталган жабдуу орнотулууга тийиш болгон жер тилкеси менен кошо имаратты, ошол имаратта бизнес жүргүзүүгө мамлекеттик түзүмдөрдөн алынган уруксат берген документтер менен бирге  күрөөгө коюуга милдеттүү.

 

Мамлизинг-1, Мамлизинг-2, Мамлизинг-3, Мамлизинг-4 каржылоо булактары боюнча: лизинг предметинин наркынын 30% жана андан жогору өлчөмдө өздүк салым болгон шартта лизинг предметинин өзү төлөөө гарантиясынан болуп калат.

Ал эми лизинг предметинин наркынын 30% жетпеген өлчөмдө өздүк салым салынган шартта, Банктын Күрөө саясатынын талаптарына ылайык кыймылсыз мүлк түрүндө күрөөлүк мүлк кошумча сунушталууга тийиш.

Өздүк салым 30% жетпей калган шартта күрөө наркы 30% менен айкын салынган өздүк салым ортосундагы жетпей калган айырманы жабууга тийиш.

Мамлизинг-5, Мамлизинг-6 каржылоо булактары боюнча, лизинг предмети наркынын 10% же андан жогору өлчөмдө минималдуу өздүк салым салынган шартта лизинг предметинин өзү төлөө гарантиясы болуп саналат.

Лизингди төлөө графиги

Пайыздар боюнча  - чейрек сайын;

Негизги карыз боюнча – карыз алуучунун бизнесинин акча агымына жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу.

Жеңилдик каралган мезгил аралыгы

Пайыздар боюнча - 3 айга чейин;

Негизги карыз боюнча – 9 айга чейин.

Өзгөчө шарттар

- лизинг алуучу лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай күтүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат;

- лизинг алуучу өз  каражатынын эсебинен лизинг предметинин техникалык абалын жыл сайын кароодон өткөрүп турууга милдеттүү;

- лизинг предмети кандай болбосун келип чыгышы ыктымал болгон чыгымдардан, анын ичинде жоголуп, уурдалып кетүү, жараксыз абалда калуу жана мөөнөтүнөн мурда эскирүүгө байланыштуу тобокелдиктерден, кардардын тандоосуна жараша Банк кызматташып иш алып барган камсыздандыруу компанияласында камсыздандырылышы мүмкүн. Кыймылсыз мүлк же ликвидүү күрөө* түрүндө кошумча күрөө сунушталган шартта лизинг предметин камсыздандыруу талап кылынбайт. Ошондой эле жараксыз абалда калуу  же эскиликке жетүү коркунучунан ишенимдүү корголгон жерде орнотулган жабдууларды камсыздандыруу да милдеттүү эмес.

*ликвиддүү күрөө – (- бул,Банкта өзүнчө депозиттик эсептеги каражаттар; мамлекеттик казына векселдери (мындан ары - МКВ); жер (кыймылсыз мүлктү куруу үчүн каралган менчиктеги жер тилкеси).

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 6 %дан 

Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж