Мамлизинг 3

Лизингдин

багытталышы
Айыл айыл чарба техникасын жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү жана тамак-аш азыктарын (сууну жана алкоголь продукцияларын өндүрүүдөн тышкары) даярдып чыгаруу боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды сатып алуу. Ошондой эле Германиядан жана Европанын башка өлкөлөрүнөн сатылып алынган, мурда колдонулган айыл чарба техникасы
Лизинг валютасы - Сом
Лизинг мөөнөтү

7 жылдан ашпайт

Пайыздык чен

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынын 30%нан жогору болгон шартта, жылдык 8(сегиз) пайыз;

- карыз алуучунун өздүк салымы лизинг предметинин наркынан 20%дан – 29,9%га чейинки өлчөмдө болгон учурда, жылдык 9 (тогуз) пайыз;

- өздүк салымы лизинг предметинин наркынан 10%дан – 19,9%га чейинки өлчөмдө болгон учурда, жылдык 11 (он бир) пайыз.

Пайыздарды кошуп эсептөө, өздүк салымды эсептеп алып салуу менен алдын-ала төлөө/аванстык төлөм суммасындагы лизинг предмети үчүн сатуучуга/сунуштоочуга алдан ала төлөө/аванстык төлөм чегерилген күндөн тартып башталат. Тараптар мүлктү/лизинг предметин лизингдик карыздын бүтүндөй суммасына өткөрүп берүү-кабыл алуу актысына кол койгондон кийин, лизингдик карыздын бүтүндөй суммасынын орду толук жабылган күнү бүтөт.

Лизинг алуучунун долбоор боюнча

өздүк салымы

Лизинг алуучу өздүк салымды акчалай төлөшү зарыл жана ал башка чыгашаларды эке албаганда, лизинг предметинин наркынын кеминде 10% түзүүгө тийиш.

 Кийинкиде төлөнгөн өздүк салымы, лизинг боюнча биринчи төлөм катары колдонулат.

Лизинг алуучу, бажы кароосунан жана тариздетүүсүнөн өтүүгө байланыштуу түздөн-түз чыгымдарды төлөө үчүн акча каражаттарын, ошондой эле лизинг мезгилине камсыздандыруу сыйлыктарын төлөө үчүн каражаттарды, өздүк салымдан өзүнчө төлөөгө милдеттүү.
Лизинг боюнча камсыздоо

Өздүк салым лизинг предметинин наркынан 30% жогору өлчөмдө төлөнсө, лизинг предмети төлөп берүү кепилдигинен болуп  саналат;

Өздүк салым лизинг предметинин наркынан 30%га чейинки өлчөмдө төлөнгөн шартта, Банктын Күрөө саясатынын талаптарына ылайык кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөөлүк мүлк сунушталууга тийиш. Күрөөлүк камсыздоо жетишсиз/жок болгон учурда, Банк кызматташуу макулдашуусу боюнча гарантиялык фонддордун (кепилдигин), лизинг предметинин наркынан 20%га чейин камсыздоо катары кабыл алышы мүмкүн. Өздүк салым 30%га жетпей калган шартта, күрөө наркы жана/ же гарантия суммасы  30% менен төлөнгөн өздүк салым ортосундагы  айырманы жабууга тийиш.

Карыз алуучу кайра иштетүү жабдууларын алган учурда, бизнес жүргүзүүгө тиешелүү мамлекеттик органдардын  уруксат берген документтери, жабдуулар орнотула турган  имарат жери менен кошо, кошумча күрөө катары күрөөгө сунушталууга тийиш.
Лизингди төлөө графиги

Пайыздар боюнча  - квартал сайын;

Негизги карыз боюнча – карыз алуучунун бизнесинин акча агымдарына жараша, бирок жылына 2 жолудан кем эмес.

Жеңилдик каралган мезгил аралыгы

Пайыздар боюнча - 6 айга чейин;

Негизги карыз боюнча – 9 айга чейин.

Өзгөчө шарттар

- лизинг предметин тариздетүүдө Банк төлөгөн жыйымдар, кызмат көрсөтүүлөр, салык төлөмдөрүнүн жана алымдардын наркы лизинг алуучунун транзиттик эсептеринде катталган каражат суммасынан алынат;

-  лизинг алуучу лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай колдонушу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат;

-  лизинг алуучу жыл сайын өз каражатынын эсебинен техниканы техникалык кароодон өткөрүп турууга милдеттүү; 

- лизинг предмети келип чыгышы ыктымал болгон бардык кооптуу жагдайдардан, анын ичинде жок болуп, жоголуп кетүү, уурдатып жиберүү, бузулуп, жешилип калуу тобокелдиктерине байланышттуу зыяндардын бардык түрүнөн кардар тарабынан камсыздандырылышы зарыл. Камсыздандыруу учурунда лизинг алуучу Банк кызматташкан камсыздандыруу компаниясын өз эрки боюнча тандап алат. Кыймылсыз мүлк же ликвиддүү күрөө* түрүндөгү кошумча күрөө сунушталбаган шартта лизинг предмети келип чыгышы ыктымал болгон бардык кооптуу жагдайдардан, анын ичинде жок болуп, жоголуп кетүү, уурдатып жиберүү, бузулуп, жешилип калуу тобокелдиктерине байланышттуу зыяндардан лизинг алуучу тарабынан камсыздандырылышы зарыл. Кыймылсыз мүлк же ликвиддүү күрөө* түрүндөгү кошумча күрөө сунушталган шартта лизинг предметинин камсыздандырылышы милдеттүү деле эмес.

* ликвиддүү күрөө – (Банкта өзүнчө депозиттик эсебиндеги каражаттар; Мамлекеттик казына векселдери (мындан ары - МКВ); - жер (кыймылсыз мүлктү куруу үчүн менчикте болгон)

- лизинг алуучу калкка кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 8 %дан 

Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж