Лизингдин багытталышы |
1) айыл чарбасы үчүн каралган техникалардын жана аларга чиркештирилүүчү жабдуулардын бардык түрү; 2) атайы иш багыты үчүн каралган техникалар; 3) транспорт каражаттарынын бардык түрү; 4) өнөр жайы үчүн каралган, технологиялык, өндүрүштүк жана башка жабдуулар; |
Лизингдин валютасы |
- Сом - АКШ доллары |
Лизингдин мөөнөтү |
- 6 жылдан ашык эмес;
|
Пайыздык чен |
Жеңил автоунаа, атайы багытка каралган техникалар жана жабдуулар: Сом менен: - өздүк салымы 30 жана андан жогору пайызды түзгөн шартта, жылдык 16 (он алты) пайыз; - өздүк салымы 20%дан 29%га чейинки түзгөн шартта, жылдык 17 (он жети) пайыз - өздүк салымы 10%дан 19%га чейинкини түзгөн шарта, жылдык 18 (он сегиз) пайыз. АКШ долларында: - өздүк салымы 30 жана андан жогору пайызды түзгөн шартта, жылдык 9 (тогуз) пайыз; - өздүк салымы 20%дан 29%га чейинки түзгөн шартта, жылдык 10 (он) пайыз; - өздүк салымы 10%дан 19%га чейинкини түзгөн шарта, жылдык 11 (он бир) пайыз. Айыл чарба техникасы жана жабдуулар: - сом менен жылдык 14 (он төрт) пайыз; - АКШ долларында жылдык 8 (сегиз) пайыз. |
Долбоор боюнча лизинг алуучунун өздүк салымы |
- Лизинг алуучунун өздүк салымы, башка түз чыгымдарды эсепке албастан, акчалай, лизинг предметинин наркынан 10%дан кем эмес өлчөмдө болушу керек. Кийинкиде төлөнгөн өздүк салым лизинг боюнча биринчи төлөм катары колдонулат. Лизинг алуучу, бажы тазалоо жана тариздөө боюнча түз чыгымдарды төлөө үчүн акча каражаттарды, ошондой эле лизингдин бардык мезгилине камсыздандыруу сыйлыктарды төлөө үчүн каражаттарды, өздүк салымынан өзүнчө төлөөгө милдеттүү. |
Лизинг боюнча камсыздоо |
|
Лизингди төлөө графиги |
Пайыздар боюнча - ай сайын, квартал сайын; Негизги карыз боюнча – карыз алуучунун бизнесинин акча агымдарына жараша, бирок жылына 2 жолудан кем эмес. |
Жеңилдетилген мезгил |
Пайыздар боюнча - 3 айга чейин; Негизги карыз боюнча – 10 айга чейин. |
Лизинг предметин камсыздандыруу | Лизинг предмети мүмкүн болгон зыяндардын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде жок болуу, жоготуу, уурдатуу, бузулуу жана мөөнөтүнөн мурда жешилүү тобокелдиктери менен байланышкан зыяндардан кардар тарабынан камсыздандырылышы керек. |
Өзгөчө шарттар |
- лизинг предметин тариздөөдө ар кайсы жыйымдар, кызматтардын наркы, салык төлөмдөр жана алымдар лизинг алуучу тарабынан төлөнөт; - лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай колдонушу үчүн жоопкерчиликти лизинг алуучу тартат; - лизинг алуучу техниканын техникалык абалынын кароосунан жыл сайын өз каражаттарынын эсебинен өткөрүүгө милдеттүү. - лизинг предмети боюнча жабдуучунун жана сервистик кызматтын өкүлү жок болгон учурда, лизинг алуучу менен макулдашуу боюнча, лизинг предметинин кепилдик жана кепилдик аяктагандан кийинки тейлөөсү үчүн жоопкерчилик лизинг алуучуга жүктөлөт. |
Натыйжалуу пайыздык чен: сом – 16%, доллар - 9,31 %