ЕАӨБ - Лизинг "ЕврАзия Өнүктүрүү Банкы"

Лизингдин багытталышы 
  1. Лизинг боюнча – айыл чарба продукциясынын өндүрүшүндө алектенген жана айыл чарбада зарыл болгон механизациялык кызматтарды көрсөткөн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, фермерлерге жана юридикалык жактарга, айыл чарба техникасы/ жабдуулар боюнча лизинг операцияларын Банк тарабынан финансылоо.
Валюта

- сом

Мөөнөтү

- 7 жылга чейин

Пайыздык чен

 - жылдык 6%.

Долбоор боюнча

өздүк салымы

1. Лизинг боюнча:

Лизинг алуучу өздүк салымын акчалай төлөшү керек жана ал, башка түз чыгымдарды эсепке албай, лизинг предметинин наркынан 20%дан кем эмес болушу керек. Төлөнгөн өздүк салымы кийинкиде лизинг боюнча биринчи төлөм катары колдонулат.

Лизинг алуучу түз чыгымдарды (салыктар, алымдар ж.б.) төлөө үчүн акча каражаттарын жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн суммасын, өздүк  салымынан бөлөк төлөп берүүгө милдеттүү.
Камсыздоо

1. Лизинг боюнча:

Лизинг предметинин наркынын 20% өлчөмүндө өздүк салым салынган шартта, лизинг предметинин өзү гарантия катары кызмат кылат;

Өздүк салым жетишсиз жана/же жок болгон шартта каржылоо «Лизинг-кредит» продукту боюнча ишке ашырылат.

Төлөө  графиги

Пайыздар боюнча – квартал сайын;

Негизги карыз боюнча – карыз алуучунун бизнесинин акча агымдарына ылайык, бирок бир жылда 2 жолудан кем эмес.

Жеңилдик каралган мезгил аралыгы

Пайыздар боюнча – 3 айга чейин.

Негизги сумма боюнча – 9 айга чейин.

Өзгөчө шарттар

- лизинг предметин тариздөөдө ар кандай жыйымдар, кызматтардын наркы, салык төлөмдөр жана алымдар лизинг алуучу тарабынан төлөнөт;

- лизинг алуучу лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай колдонуусу үчүн жоопкерчилик тартат;

- лизинг алуучу жыл сайын өздүк каражаттарынын эсебинен техниканын техникалык абалынын кароосун өтүүгө милдеттүү;

- лизинг предмети, мүмкүн болгон бардык зыяндардан, анын ичинде жок болуу, жоготуу, уурдатуу, бузулуу, мөөнөтүнөн мурда жешилүү тобокелдиктери менен байланышкан зыяндардын бардык түрлөрүнөн кардар тарабынан камсыздандырылышы зарыл. Камсыздандырган учурда, лизинг алуучу, Банк кызматташкан камсыздандыруучу компаниясынын тандоосун өз эрки боюнча жүргүзөт. Кыймылсыз мүлк же өтүмдүү күрөө* түрүндөгү кошумча күрөө жок болгон учурда, лизинг предмети, мүмкүн болгон бардык зыяндардан, анын ичинде жок болуу, жоготуу, уурдатуу, бузулуу, мөөнөтүнөн мурда жешилүү тобокелдиктери менен байланышкан зыяндардын бардык түрлөрүнөн лизинг алуучу тарабынан камсыздандырылышы зарыл. Кыймылсыз мүлк же өтүмдүү күрөө* түрүндөгү кошумча күрөө берилген учурда, лизинг предметинин камсыздандыруусу милдеттүү эмес.

*өтүмдүү күрөө – (Банкта өзүнчө депозиттик эсебиндеги каражаттар; Мамлекеттик казына векселдери (мындан ары - МКВ); - жер (кыймылсыз мүлктү куруу үчүн менчикте болгон)

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 6,18 % дан 

Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж