Соода Эквайринги
Кардарлардын накталай эмес тейлөөсүн уюштуруу үчүн “Айыл Банк” ААК Сизге POS-терминалды орнотууну сунуштайт.
POS-терминал – бул, банктык төлөм карталары боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн түзүлүш.
Эмне үчүн бул Сизге кызык?
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 Токтомуна ылайык, Республиканын соода-тейлөө ишканалары (СТИ), товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу үчүн, сөзсүз түрдө POS-терминалды орнотушу керек.
Биздин артыкчылыктар:
- Тейлөө сапатынын жогорку деңгээли жана сатып алуучуга төлөө ыкмасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
- Акчанын инкассациясы боюнча чыгымдардын кыскарышы;
- Акчаны кассада сактоо тобокелдеринин кыскарышы;
- Сатуулар көлөмдөрүнүн көбөйүшү – банктык төлөм карталары менен эсептешкен кардарлардын жаңы сегменти;
- Атаандаштыкка жарамдуулуктун жогорулашы, кардарларга эсептешүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн берилиши.
Кардарларыңыз төлөм карта менен төлөө мүмкүнчүлүгүнө кубанат жана кайрадан Сизге келерине толук ишеничте болосуз!
Ал үчүн эмне кылуу керек?
- Бизге табыштама жөнөтүңүз (онлайн формага гипершилтеме) жана адистерибиз Сиз менен байланышат.
- Биздин Банкта алыш-бериш эсепти ачыңыз.
- Келишимге кол коюлгандан кийин POS-терминал 5 жумушчу күндүн ичинде орнотулат.
Бардык операциялар – төлөмдү авторлоштуруу, акчаны Сиздин алыш-бериш эсебиңизге которуу – автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Банк Сизди төмөнкүлөр менен акысыз камсыз кылат:
- СТИнин алыш-бериш эсебин ачуу;
- эсеп боюнча көчүрмө;
- POS-терминалды орнотуу;
- кызматчыларды окутуу;
- маркетинг жана чыгыштоо материалдар;
- техникалык тейлөө.
Алыш-бериш эсепти ачуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси.