“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө”

pic
Кредит суммасы 5 000 000 сомго чейин
pic
Пайыздык чендер жылдык 6%

Кредитти сунуштоо шарты

Кредиттин багытталышы

“Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” мамлекеттик долбоордун чегинде:

  • Сүт өндүрүүгө;
  • Эт өндүрүүгө;
  • Тоок жумурткасын өндүрүүгө;
  • Шекер өндүрүүгө;
  • Жашылча өстүрүүгө;
  • Жемиштерди өстүрүүгө;
  • Өсүмдүк майын өндүрүүгө;
  • Картөшкө өстүрүүгө;
  • Дан өсүмдүктөрүнүн кластерлерин кошкондо агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык секторду колдоо багытында 6 пайыздык  жеңилдетилген кредиттер берилет.

Агроөнөр жай кластерлеринин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • айыл чарбасында иш жүргүзгөн фермердик чарбалар, жоопкерчилиги чектелген коомдор, жеке ишкерлер жана жеке адамдар;
  • жылдык жүгүртүүсү 1 млн сомдон ашык болгон, 3 жылдык активдүү өндүрүш ишине жана кредитти төлөө үчүн жетиштүү камсыздоого ээ фермердик чарбалар;
  • үрөнчүлүк, питомник өстүрүүчү жана асыл тукум чарбалары.

Кредит суммасы

5 000 000 сомдон ашпаган өлчөмдө

Кредит мөөнөтү

36 айга чейин

Пайыздык чен

жылдык 6%

Кредитти төлөө графиги

Берилген кредит суммасынын 2/3 милдеттүү түрдө эки жыл ичинде төлөнүүгө тийиш

Күрөө

300 миң сомго чейин күрөөсүз негизде берилет

Мындан жогору Банктын күрөө саясатына ылайык

* Натыйжалуу пайыздык чен: Улуттук валюта - 6,51 % дан жогору

 

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы
Кредит алууга билдирме толтуруу