Жашыл технологияларды каржылоо

pic
Кредит суммасы 300 001 сомдон 20 000 000 сомго чейин
pic
Пайыздык чендер Жылдык 10 %

Кредитти сунуштоо шарты

Параметрлери

Мазмуну

Насыянын максаты

“Жашыл экономиканы” турктуу каржылоонун жана “ESG -  стратегиялар жана аны ишке ашыруунун жол картасынын” алкагында насыянын максаттары төмөнкүлөр:

  1. Жашыл транспорт:
  • Суутектик, гибрид кыймылдаткычтар менен иштеген төмөн көмүртектүү транспорттук каражаттарды, ошондой эле электромобилдерди, электр менен иштеген мото жана велотранспортторду сатып алуу
  • Электромобилдердин кубаттоочу станциялары үчүн адистештирилген инфраструктураны түзүү;

2. Кайра жаралуучу энергия:

  • Шамал;
  • Күн;
  • Геотермалдык;
  • Гидроэнергетика;
  • Биоэнергия.

3. Энергиялык майнаптуулук, энергияны керектөөнүн жана/же техникалык жоготууларды азайтуу:

  • Энергияны үнөмдөөчү жарыктандыруу жана жабдуу;
  • Энергиялык жактан майнаптуу тиричилик техникасы.

4. Жашыл имараттар:

  • Суу/энергия үнөмдөөчү, төмөн көмүртектүү курулмаларды, жабдуулар менен курулуш тутумдарын колдонуу менен жашыл үйлөрдү/имараттарды модернизациялоо;
  • Жашыл инфраструктураны куруу

5. Абанын сапатын жакшыртуу:

  • Үй чарбалары жана чакан жана орто бизнес үчүн экологиялык жактан таза жылытуу приборлорун өндүрүү жана орнотуу.

6. Сууну жана калдыктарды туруктуу колдонуу:

  • Ичүүчү жана агып чыкма сууларды тазалоо үчүн жабдууларды, суу үнөмдөөчү технологияларды сатып алуу, өндүрүү жана орнотуу/алмаштыруу;
  • Тиричилик жана коммуналдык таштандыларды топтоо жана сорттоо, ошондой эле экинчи чийки затты калыбына келтирүү үчүн жабдуу.

7. Туруктуу айыл чарбасы:

  • Органикалык айыл чаба продукцияларын өндүрүү;
  • токой көчөттөрүн отургузуу, целлюлозакагаз өндүрүшү, макулатураны утилизациялоо;
  • экологиялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган шарттарды, инфраструктураны түзүү

8. Башка ККУларда мөөнөтү өтө элек жашыл насыяларды кайрадан каржылоо.

Насыянын суммасы

300 001 сомдон 20 000 000 сомго чейин

Насыялоонун мөөнөтү

10 жылга чейин

Насыянын валютасы

Сом

Пайыздык чен

Жылдык 10 %

Насыя боюнча камсыздоо

Банктын Күрөө саясатынын талаптарына ылайык         

Төгүү графиги

Ай сайын төлөөнүн негизинде аннуитеттик төлөмдөр же негизги карыздын төлөмдөрү бирдей үлүштө тийиштүү пайыздары менен

Жеңилдик мөөнөтү

Пайыздар боюнча өтө зарыл болгон учурда 3 ай;

Негизги сумма боюнча 6 ай

Натыйжалуу пайыздык чен

10,71%

 

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы
Кредит алууга билдирме толтуруу