Кыргыз Республикасы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөй эле, өлкөлүк стратегияларды жана өнүгүү программаларын аталган программага ылайык келтирүү менен 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү максаттарына өз мойнуна алган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы №605 токтому менен Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга “жашыл” экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилген. Улуттук Белгиленген Салымдарды жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргызстан 2030-жылга чейин ички ресрустардын эсебинен зыяндуу заттарды абага чыгарууну 15,97% жана эл аралык колдоо аркылуу 43,62% кыскартуу милдетин алган. Глазгодо өткөн конференцияда Кыргыз Республикасынын Президенти жасаган билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасы эл аралык колдоо аркылуу 2050-жылга чейин көмүртексиз жашыл өнүгүү платформасына жетишүүгө умтулууда.
Туруктуу каржылоо көмүртектин абага чыгарылышын азайтууга жана көмүртек аз болгон экономикага өтүүгө жардам берет. Туруктуу каржылоо бир жагынан климаттык жана экологиялык көйгөйлөрлү чечүү үчүн каражаттарды тартууну, экинчи жагынан финансылык тобокелдиктерди тескөөгө алууну жакшыртууну камтыйт. Өз кезегинде, туруктуу каржылоо экологиялык, социалдык жана башкарууга алуу маселелерин да эске алат. Жогорку социалдык-экологиялык жоопкерчиликтүү Банк катары биз туруктуу өнүгүү концепциясын Банктын узак мөөнөттүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү катары кароого алабыз.
Айыл Банк белгиленген максаттарга жетишүү үчүн ESG факторлорун (Environmental, Social, Governance – Экологиялык, Социалдык жана Башкаруу маселелери) ишке ашыруунун актуалдуулугун жана зарылчылыгын түшүнүү менен Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү, туруктуу инвестицияларды тартуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү максаттарына умтулат. Банктын Туруктуу өнүгүү саясаты, Экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди тескөө саясаты жана Курчап турган чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү саясаттары колдонууда турат. Банк өз ишинде экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди комплекстүү аныктоого, баалоого жана тескөөгө алууга, ошондой эле Банктын долбоорлоруна байланыштуу болгон Банктын кардарларынын иш-аракеттерин ишке ашырууга артыкчылык берет. Мындан тышкары, Банк ESG стратегиясын жана аны ишке ашыруунун жол картасын да бекиткен.