"Айыл Банк" ААКсынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн багытталган кредиттеринин шарттары жеңилдетилди

13.04.2021

"Айыл Банк" ААКсынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн багытталган кредиттеринин шарттары жеңилдетилди. "Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү - соода жана кызмат көрсөтүү" кредит продуктусу боюнча, банктын кардарлары үчүн пайыздык чен 2% га төмөндөтүлүп, сом менен жылдык 18-20% түздү.

Кредиттин шарттары:

• Камсыздоо: кыймылдуу жана / же кыймылсыз мүлк

• Кредиттин мөөнөтү: жүгүртүү капиталын толуктоо үчүн 3 жылга чейин, инвестиция үчүн 5 жылга чейин

• Валюта: сом

• Кредиттин суммасы: 30 001 сомдон

Керектүү документтер:

• карыз алуучунун, кепилдин, күрөө берүүчүнүн паспорту;

• карыз алуучунун кирешесин тастыктаган документтер;

• күрөө үчүн документтер.

Өндүрүш, кайра иштетүү, соода жана ортомчулук операцияларынан кирешелүү иш-аракеттерди каржылоо, кызмат көрсөтүү, туризм, мал сатып алуу жана сатуу, айыл чарба продукциясын жыйноо жана сатуу, мал жана канаттууларды азыктандыруу жана сатуу жана башка коммерциялык иш-чаралар сыяктуу ишкерлер үчүн пайыздык чендер төмөндөтүлдү.

← Тизме боюнча артка