«GFC Bishkek» тууралуу кызматташтык келишимге кол коюшту

30.04.2022

Кечээ күнү, 2022-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында «Айыл Банк» ААКсы, «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК, «Кыргыз банктар бирлиги» юрикалык жактар бирикмеси, ошондой эле "AIFC Green Finance Center Ltd." (Каржы борбору) менен биргеликте «GFC Bishkek» ЖЧКсын уюштуруу келишимине кол коюшту.

Тараптардын кол коюшуусу кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында болду.

https://ab.kg/guarddog/laravel-filemanager/files/shares/whatsapp-image-2022-04-29-at-18-11-11.jpeg

Келишимдин негизги максаты Кыргызстанда жана Борбордук Азия чөлкөмүндө “Астана” эл аралык каржы борборунун ишин жайылтып,  илгерилетүү максатын көздөйт. Анда Жашыл жана ESG каржылоо системасын өнүктүрүү тенденциясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоонун жана банк секторун өнүктүрүүнүн механизмдерин этап-этабы менен киргизүү максатында Тараптар “GFC Bishkek” жоопкерчилиги чектелген коомун түзүү ниети билдирилген.

Биргелешкен компанияны түзүү “жашыл” жана туруктуу финансы тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүү, туруктуу облигацияларды жана кредиттерди чыгарууну колдоо, тиешелүү консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, камсыз кылуу аркылуу өлкөдө Туруктуу финансыны өнүктүрүүгө, дем берүүгө багытталган ESG отчеттуулугу чыгарылгандан кийинки жана башка тиешелүү отчеттуулук, туруктуу каржы саясатын иштеп чыгуу жана башкаларга багытталган.

← Тизме боюнча артка