“Айыл Банк” айрым кредиттик продуктулар боюнча пайыздык чендерди төмөндөттү

24.06.2023

“Айыл Банк” кредит берүүнү стимулдаштыруу максатында «Айыл Чарба», «Өндүрүш Кредит», “Бизнес Кредит” жана “Тиричилик” продуктулары боюнча 2023-жылдын 1-октябрына чейин улуттук валютадагы кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүп, кредиттөө параметрлерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Ал Токтомго ылайык, төмөнкү продуктулар боюнча пайыздык чендер өзгөрдү: 

«Айыл Чарба» продуктусу боюнча:

Кредит суммасы:

• 300 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 19%;

• 1 000 001 сомдон жогору - жылдык 18%;

«Өндүрүш кредит» продуктусу боюнча:

Сом менен, жылдык - 18% (градациясыз);

"Бизнес кредит" продуктусу боюнча:

Кредит суммасы:

• 300 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 20%;

• 1 000 001 сомдон 3 000 000 сомго чейин - 19%;

• 3 000 001 сомдон жогору - 18%

"Тиричилик" продуктусу боюнча:

Керектөө максаттарына:

• 300 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин - 20%;

• 1 000 001 сомдон 3 000 000 сомго чейин - 19%;

• 3 000 001 сомдон жогору - 18%

Ипотекага:

• Жылына 18% (градациясыз).

← Тизме боюнча артка