"Айыл Банк" ААК Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Контрактты банктык коштоо (КБК) боюнча кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу банк болуп саналат.

24.06.2023

"Айыл Банк" ААК Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Контрактты банктык коштоо (КБК) боюнча кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу банк болуп саналат.

Контрактты банктык коштоо - бул ыйгарым укуктуу банк тарабынан банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде:
⁃ төлөм жүргүзүү;
⁃ акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу банк тарабынан ачылган өзүнчө эсепте, ушул контракты аткаруунун алкагында башка адамдар тарабынан контракты аткаруунун жүрүшүндө берүүчү жана бардык тартылгандар ишке ашыруучу эсептөөлөргө мониторинг жүргүзүү;
⁃ сатып алуучу уюмга контракттарды банктык коштоонун жыйынтыктарын жеткирүү.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө КБКны колдонуунун максаттары:

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
- сатып алуучу уюмдардын финансылык жана салыктык тобокелдиктерин минималдаштыруу;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткаруунун ачыктыгын камсыз кылуу.

← Тизме боюнча артка