Айыл Банк Маалыматтык технологиялар департаментине долбоордук менеджерди издейт

27.05.2024

Милдеттери:

  • Пландаштыруу, аткаруу, мониторинг жана контролдоону кошо алганда, долбоорлорду башынан акырына чейин тескөөгө алуу.
  • Бизнес-талаптарды, мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, иш-аракеттер планын жана статусу тууралуу отчетту кошо алганда, долбоордун документациясын түптөп чыгуу жана коштоо.
  • Милдеттерди бөлүштүрүү, ырааттуулук менен коюлган тапшырмалардын аткарылышын контролдоону кошо алганда, долбоордук топтун ишин координациялоо.

Коюулуучу талаптар:

  • IT долбоорлорду тескөөгө алуу тажрыйбасы.
  • Банк секторундагы иш тажрыйбасына артыкчылык берилет.
  • Продукту түзүп чыгуу технологияларын 0дөн тартып, ишке киргизилгенге чейин мыкты түшүнүү.
  • Agile, Waterfall, Scrum жана башкалар сыяктуу долбоорлорду тескөөгө алуу методологиялары боюнча билими менен тажрыйбасынын болуусу.
  • Тапшырмаларды жана долбоорлорду тесөөгө шаймандарын билүүсү.
  • Долбоордун жүрүшүн натыйжалуу пландаштыруу, уюштуруу жана контролдоо жөндөмдүүлүгү.
  • Коммуникация көндүмдөрү жана топтун мүчөлөрү, буюртмачылар жана башка кызыкдар тараптар менен натыйжалуу өз ара катышуу жөндөмдүүлүгү.
  • Долбоордун жыйынтыгы боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алууга жана алардын ийгиликтүү аякташына жетишүүгө даяр болуусу.
  • Уюштуруучулуктун жигеринин жогорку болуусу, ишке кылдат кароо жана кыска, чектелген убакыт аралыгында иш алып баруу жөндөмдүүлүгү.

Иш шарттары:

  • Кеңседе иштөө (баардык шарттары каралган).
  • Жамаат ынтымактуу, жетекчилик бирдей, тең карайт.
  • Ишке расмий орноштуруу.
  • Татыктуу эмгек акы.
  • Кесиптик жана жеке өсүш.

Иш таржымалын bektemir.kalmuratov@ab.kg электрондук дареке жөнөтүңүздөр

← Тизме боюнча артка