«Айыл Банк» ААК Директорлор Кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду: Директорлор Кеңешинин жаңы Төрагасы дайындалды

19.08.2025

«Айыл Банк» ачык акционердик коому коомчулукту жана өнөктөштөрдү Банктын Директорлор Кеңешиндеги кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайт.

Кезексиз акционерлер жыйынынын чечимине ылайык, «Айыл Банк» ААК Директорлор Кеңешинин Төрагасы болуп Чомоков Оралбек Канатбекович дайындалды. Ал аталган кызматка Эржанов Максат Советбековичтин ордуна келди.

Чомоков Оралбек Канатбекович — каржы тармагында чоң тажрыйбага ээ, Кыргыз Республикасынын банк системасында көп жылдык жетекчилик ишмердүүлүгү бар мыкты адис жана менеджер.

«Айыл Банк» ААК Эржанов Максат Советбековичке банктын өнүгүүсүнө кошкон салымы, Директорлор Кеңешиндеги туруктуу ишмердүүлүгү жана айыл калкына финансылык кызматтарды жеткиликтүү кылууга, банк процессин модернизациялоого багытталган маанилүү демилгелерди колдогондугу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Банк туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашырууну, ишинде санариптештирүүнү активдүү киргизүүнү, айыл чарба секторун колдоону жана өлкөнүн бардык аймактарында кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууну улантат.

← Тизме боюнча артка