Айыл Банк колдонуудан чыккан автоунааларды сатыкка чыгарат!

25.08.2025

 Айыл Банк колдонуудан чыккан автоунааларды сатыкка чыгарат!

Сизде автоунааны түздөн-түз банк аркылуу ачык арыз берүү жолу менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Каалаган адам арыз берип, кепилдик төлөмдү киргизип, тандоого катыша алат.
Эң жогорку баа сунуш кылган катышуучу жеңүүчү болот.

 Катышуу тартиби:

Арызды 2025-жылдын 22-сентябры саат 10:00гө чейин Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 14 дарегине тапшырыңыз.

Баштапкы баанын 2% өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү Банктын 1352119925319695 эсебине салыңыз.

Арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: толук аты-жөнүңүздү, телефон номуруңузду, автоунаанын маркасын, мамлекеттик номерин жана сунушталган бааны.

Паспорттун көчүрмөсүн жана төлөмдүн квитанциясын тиркеңиз.

 Арыздарды ачуу:
2025-жылдын 22-сентябры, саат 10:00дө, Логвиненко көчөсү, 14 дареги.

 Эң жогорку бааны сунуштаган жана кепилдик төлөмүн тастыктаган катышуучулар жеңүүчү болот.
Эгерде сунуштар бирдей болсо, арызды эрте тапшырган катышуучу утат.

 Сатып алуудан баш тарткан учурда кепилдик төлөм кайтарылбайт.
Автоунааны кайра каттоо чыгымдарын сатып алуучу төлөйт.

 Автоунааны көрүү жана кошумча маалымат үчүн: +996 550 086 699

Список

 

← Тизме боюнча артка