Талапкерлер менен партиялардын эсептерин толуктоо эми «АБанк» мобилдик тиркемеси жана «Айыл Банк» ААКнын филиалдары аркылуу жеткиликтүү

10.10.2025

Талапкерлер менен партиялардын эсептерин толуктоо эми «АБанк» мобилдик тиркемеси жана «Айыл Банк» ААКнын филиалдары аркылуу жеткиликтүү

«Айыл Банк» ААК жарандарга жана шайлоо процессине катышуучуларга Жогорку Кеңешке шайлоодо талапкерлер менен саясий партиялардын эсептерин толуктоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билдирет.

2025-жылдын 13-октябрынан баштап, «АБанк» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары партиялар менен талапкерлердин эсептерине (берешени жана жеке каражаттарды) онлайн режиминде төлөмдөрдү жасай алышат. Мындан тышкары, эсептерди толуктоо «Айыл Банк» ААКнын кассалары жана филиалдары аркылуу, ошондой эле Банктын системасына туташкан коммерциялык банктар аркылуу да жүргүзүлөт. Ошондой эле эсептерди коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу, межбанкттык төлөмдөр (клиринг/гросс) аркылуу толуктоого болот.

Бул функция шайлоо өнөктүгү учурунда каржылык аракеттердин ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

«Айыл Банк» ААК шайлоодо катышуучулардын бардыгына урмат-сыйын билдирип, жарандарды талапкерлер менен саясий партияларды колдоо үчүн жаңы кызматтарды активдүү пайдаланууга, учурдагы мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.

← Тизме боюнча артка