Айыл Банк 2025-жылга пландалган «АЧК-13» мамлекеттик программасы боюнча каражаттарды толугу менен өздөштүрдү — 100%!
Банк кызматкерлеринин уюшкан ишинин аркасында 2025-жыл ичинде бул программа боюнча жалпы суммасы 2 млрд сомдон ашык болгон 3 138 кредит берилди.
«АЧК-13» программасынын ишке ашырылышы Кыргызстандагы агрардык сектордун өнүгүшүнө зор салым кошту:
– дыйкандар жана мал чарбачылык менен алектенгендер колдоого ээ болушту,
– суу үнөмдөөчү технологиялар активдүү киргизилүүдө,
– өсүмдүк өстүрүү тармагы өнүгүүдө,
– заманбап айыл чарба техникасы сатып алынууда.
Айыл Банк өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоону улантып, айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүнө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого өз салымын кошууда.