Шайлоо процессине катышуучулар үчүн аракеттер тартиби

16.10.2025

Шайлоо процессине катышуучулар үчүн аракеттер тартиби

Демөөрчүлөр (физикалык жактар) үчүн:

  1. «ABank» мобилдик тиркемесин колдонуу үчүн «Айыл Банк» ААКсынын расмий сайтына төмөнкү шилтеме аркылуу кириңиз:
    https://www.ab.kg/

ABank тиркемесин кантип кошсо болот:
https://www.ab.kg/bankovskie-uslugi-chastnim-lisam/mobile-banking_ab

«Элдик мобилдик банкинг» тиркемесине катталуу боюнча көрсөтмө (тиркелген файлда көрсөтүлгөн).

Колдонуу тартиби:
Кандидаттардын жана саясий партиялардын атайын эсептерин ABank мобилдик тиркемеси аркылуу төмөнкүдөй жол менен толтурса болот:

  1. Банктын мобилдик тиркемесинде «Төлөмдөр» бөлүмүн тандап, андан кийин тиешелүү иконканы басуу менен «Шайлоо/БШК» бөлүмүнө өтүңүз.
  2. Каражат которулуучу эсепти тандаңыз (картаңыздагы же эсептеги акча каражаты).
  3. Кандидаттын же саясий партиянын атайын эсеп номерин киргизиңиз.
  4. Төлөм кодун тандаңыз.
  5. Демөөрчүлүк суммасын көрсөтүңүз.
  6. Которууну тастыктайсыз.
  7. Сиздин демөөрчүлүк каражатыңыз дароо тиешелүү кандидаттын же партиянын атайын эсебине түшөт.

Кандидаттар жана саясий партиялар үчүн:
• Мобилдик тиркемелер аркылуу түшкөн бардык каражаттар атайын эсептин көчүрмөсүндө автоматтык түрдө чагылдырылат;
• Электрондук квитанциялар кагаз түрүндөгү документтерге барабар болуп саналат;
• Финансылык отчетту даярдоодо электрондук квитанциянын көчүрмөсү менен кошо көрсөтүлүшү керек;
• Жооптуу адамдар ар бир түшүү мыйзамда белгиленген демөөрчүлүктүн булагына жана көлөмүнө шайкеш келишин камсыздоого милдеттүү.

Укук берилген банктар шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн бардык каражаттардын автоматтык идентификациясын жана лимиттерин эсепке алууну камсыз кылат.

Каржылык операциялар боюнча маалыматтар онлайн режиминде Борбордук шайлоо комиссиясына жана көзөмөл-ревизиялык топко өз убагында берилет жана мыйзам талаптарына ылайыктыгы текшерилет.

Каражаттардын түшүүсүн, эсепке алууну же сарптоону бузуу — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу банктар менен биргеликте төмөнкү маселелер боюнча консультациялык жардам көрсөтөт:
• Мобилдик тиркемелерге кошулуу;
• Каражат которуу тартиби;
• Түшүүлөрдү ырастоо жана отчетту даярдоо.

Мобилдик тиркемелер аркылуу ыктыярдуу демөөрчүлүк каражаттарын которуу — бул заманбап, санариптик жана эң ачык шайлоо тутумуна карай жасалган кадам.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзамдын талаптарын жана ачыктыктын, мыйзамдуулуктун принциптерин сактоо менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга чакырат.

 

 

← Тизме боюнча артка