Кредит алууга өз алдынча тыюу салуу — бул сиздин жеке каржылык коопсуздук кулпуңуз!

12.11.2025

 Кредит алууга өз алдынча тыюу салуу — бул сиздин жеке каржылык коопсуздук кулпуңуз!

2025-жылдын 1-ноябрынан тарта сиз өзүңүздүн атыңызга кредиттерди расмий түрдө тариздөөгө өз каалооңуз менен тыюу сала аласыз.
Эми бул функция «АБанк» жана «Береке 2.0» тиркемелеринде жеткиликтүү.

 Тиркеменин жөндөөлөр бөлүмүнөн тыюуну активдештириңиз → SMS-код аркылуу ырастоо жүргүзүңүз.
 Тыюу ишке киргенден кийин онлайн-кредит алуу мүмкүн болбой калат.
 Тыюуну алып салуу банктын бөлүмүндөрүндө гана мүмкүн.

Кредит алуу боюнча өзүнө-өзү тыюу салуу, бул эмне үчүн керек: алдамчылар тарабынан кредит алынуусунан коргойт, карыз тузагына түшүүдөн жана ойлонулбаган чечимдерден сактайт, өзүнүн кредиттик профилин жана каржылык коопсуздугун көзөмөлдөөгө жардам берет.

Өзүңүздү жана каржыңыздын коопсуздугун сактаңыз 

← Тизме боюнча артка