Акциянын V этабынын жеңүүчүсү!
Кербен филиалынын кардары – Сейитбек Ыманбаев Айыл Банк ААКнун “Ислам терезеси” тарабынан уюштурулган “Ислам каржылоосун алып, белекке Умрага жолдомо утуп ал” аттуу акциясынын V этабынын жеңүүчүсү болду!
Бүгүн Кербен филиалынын директору Ж.У. Кожомкулов тарабынан, салтанаттуу шартта кардарга Умрага жолдомо сертификаты тапшырылды.
Эскерте кетсек, бул акция 2025-жылдын 1-мартынан башталып, 19-декабрына чейин уланат. Ар бир этапта Банктан 2 000 000 сомдон жогору суммадан ислам каржылоосун алган ар жүзүнчү кардар Умра жолдомосун утуп алат.
Айыл Банк ААКнун “Ислам терезеси” өзүнүн кардарларына Шариат талаптарына шайкеш, ачык-айкын ислам каржылоо продукттарын сунуштоо менен бирге, Умрага баруу мүмүкүнчүлүгүн сунуштайт.