Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Региондордогу ар бир айылга банктык сервистерди жеткирүү зарыл

05.07.2018

“Азыркы мезгилде, 2018-2020 жылдарга карата Регионалдык саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жатат, анын алкагында региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча талаптагыдай чаралар көрүлүшү зарыл.  Мамлекеттик банктар өзүнүн иш-милдеттерин, анын ичинде пайда алуу боюнча ишти аткаруу менен бирге, социалдык жоопкерчилик жөнүндө унутпашы керек. Бул жерде, биринчи ирет, алыскы жана бийик тоолуу айылдардын тургундарын кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Ошону менен бирге ошол жерлерде ишкердикти өнүктүрүү үчүн арзан жана “узун” акчаларда муктаждык болуп жатат. Ошондуктан банктар тарабынан өткөрүлгөн саясат сөзсүз түрдө региондорго дагы багытталышы зарыл”, - деп Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө айтып кетти.

Банк системасынын натыйжалуу иши улуттук экономиканын жалпы өнүгүүсүнүн катализатору болуп жатканы жөнүндө Премьер-министр баса белгилеп кетти. Региондорду өнүктүрүү маселесине бүгүн өзгөчө көңүл бурулуп жатканын эске алып, региондордун специализациясын бекемдөөгө, атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жана региондордо жумушчу орундарды көбөйтүүгө багытталган долбоорлорго бардык жактан жардам көрсөтүү жана демилге берүү зарыл.

Өкмөттүн негизги маселелеринин бири айыл жергесинин тургундарына жеткиликтүү кредиттерди көбөйтүү маселесине Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө көңүл бурду.

 “Бүгүнкү күн көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуусун талап кылат. Өкмөт өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн ак ниет менен жана ачык иштеп жатканына жөнөкөй жарандар ишениши керек. Мамлекеттик үлүшү менен коммерциялык банктар мамлекеттик кызматтарды жайылтуунун кыймылдаткычы болуп саналат. Ошондуктан, чоң шаарларда төлөм терминалдар түрүндөгү салттуу банк сервистери менен бирге кеңири колдонулуп жаткан  мобилдүү банкингдей болгон банк кызматтарын өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу зарыл.   Прогрессивдүү банк кызматтарын айылдарда өндүрүү үчүн жергиликтүү калктын арасында кеңири масштабдагы түшүндүрүү компанияны өткөрүү зарыл”, - деп, Өкмөт башчысы белгилеп кетти.

Кеңешменин жүрүшүндө алыскы айылдарда банк кызматтарын көрсөтүү боюнча өткөрүлгөн иш жана пландар жөнүндө “РСК Банк” ААКтын жана “Айыл Банк” ААКтын презентациялары сунушталды.

Презентациядан кийин, коммерциялык банктар колдонулган финансы куралдардын тизмесин кеңейтиши керек деп Премьер-министр кошумчалап кетти.

“Региондордо банк кызматтарынын түрлөрүн кеңейтүүсү Интернет тармагын пайдалануучулардын санын көбөйтүүсү менен тыгыз байланышкан, ошол багытта пландаштырылган иш жүргүзүлүп жатат.  Банк кызматтары менен байланышкан маселени чечүүдө республикада эң кеңири филиалдык тармакка ээ болгон “Кыргыз почтасы” МИ чоң жардамды берет”, - деп Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалады. 

Ошону менен бирге региондордун экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү маселелердин бири бул чакан жана орто бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү, деп Премьер-министр белгилеп кетти. Ошол үчүн, атайын курстун алкагында, ата мекендик фермерлерди ишкердиктин жана маркетингдин негиздерине үйрөтүү зарыл

Кеңешменин аягында коммерциялык банктардын жана ОКӨФтүн жетекчилери мамлекеттик программаларды ишке ашыруусуна жана региондордо ишкердиктин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр болгону жөнүндө билдиришти. http://www.gov.kg/?p=119504&lang=ru

P.S  КРдин Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушууда аларды социалдык  жоопкерчиликке чакырып жана ар бир айыл өкмөтүндө банктык куралдардын өндүрүүсүн күчөтүүгө жана алыскы жана бийик тоолуу айылдардын тургундарын кредиттик ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө үндөдү.  КРдин Президенти 2018-жыл – “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялагандыктан – бул маселе абдан актуалдуу болуп жатат. “Айыл Банк” бул багытта алгачкы жүргүзгөн иштерин белгиледи. Бүгүнкү күнгө “Айыл Банк” ААКтын банкоматтар жана төлөм терминалдар тармагында төмөнкүлөр бар:

Банкоматтар – 110 даана

ПОС-терминалдар НБП (накта акчаларды берүү пункту) - 181 даана

ПОС-терминалдар СТИ (соода-тейлөө ишканалары) – 43 даана

Төлөм терминалдар – 132 даана

Банктын пландарында быйылкы жылы 50 ПОС-терминал СТИ, 5 банкомат жана 70 төлөм терминал орнотуу.

Мындан тышкары, Айыл Банктын кардарлары Банктын Достук тармагында тейленсе болот, анын ичине төмөнкү 6 банк кирет: Азия Банкы, KICB, Бакай банк, Доскредобанк, ФинансКредитбанк, БТА. Ошентип, кардарлардын төмөнкүлөр менен пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар:

Банкоматтар – 358 даана

ПОС-терминалдар НБП (накта акчаларды берүү пункту) - 551 даана

ПОС-терминалдар СТИ (соода-тейлөө ишканалары) – 1091 даана

Айыл Банк ар бир айыл өкмөттү төлөм терминалдар менен камсыздоо боюнча, ушул куралдар менен колдонуу боюнча түшүндүрмө иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз почтасы менен тыгыз  иштөөнү пландаштырып жатат. 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка